Escort Lyon

Кыргызстандагы креативдүү тармактардын биринчи фестивалы өткөрүлдү

Бүгүн, 23 апрелде, #CREATE4 KG Кыргызстандагы креативдүү тармактардын биринчи фестивалы өткөрүлдү.

Фестивалды Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров ачып берди. Садыр Жапаров, креативдүү экономика салыштырмалуу жаңы багыт экенинин белгиледи.

“Креативдүү экономика акыркы жылдары адамдын интеллектуалдык потенциалына негизделген, калктын кирешесинин көбөйүшүнө жана иш менен камсыз болушуна, ошондой эле экспортту жогорулатууга жана инновациялык ишкердикти өнүктүрүүгө өбөлгө болуучу экономиканын перспективдүү секторлорунун бири катары дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде Кыргызстанда да өзгөчө орун алып, активдүү өнүгүп жаткан маалы”, – деди С.Жапаров.

Өлкөбүздүн кылымдарды карыткан маданиятка ээ, салт-санаалары менен элдик кол өнөрчүлүгү бай, таланттуу жаштарга арбын, туристтик зор потенциалга ээ өлкө экендигин эске алып, ал аркылуу жашыл экономика менен санариптик жана креативдүү экономикага басым жасоого мезгил келип жеткендигин баса белгилеп кетейин.

креативдүү экономика өлкөнүн негизги приоритеттүү багыттардын бири болуп саналарын, мындан сырткары,  өлкөдө чыгармачылык жана интеллектуалдык потенциалды колдоо жана жогорулатуу, инновациялык процесстерди өнүктүрүү, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү шарттоо жана ишке ашыруу максатында жаңы платформалар түзүлүп жатканын билдирди.

Фестивал БУУнун өнүктүрүү программасынын акселератордук лабораториясы, креативдүү индустриялар ассоциациясы, CODIFY IT компаниялар тобу, ololo чыгармачыл бирикмелер тутуму жана Кыргызпатент тарабынан уюштурулду.

Фестивалдын негизги милдети – кенен аудиторияга заманбап турмушта өзүнүн шык-жөндөмүн жана чыгармачылыгын модентизациялоо ыкмалары жана мүмкүнчүлүктөрү боюнча багыт берүү.

Иш-чаранын миңден ашык катышуучулары үчүн Кыргызстан, Казакстан, Россия, Украинадан келген профессионал спикерлер – санариптик искусство, IT, маркетинг жана чыгармачыл тармактардын башка тармактарынын өкүлдөрү өз тажрыбалары менен бөлүштү.

Баяндамачылар чыгармачыл тармактардын өзгөчө Кыргызстандын жаштары жана аялдары үчүн жумуш менен камсыз кылуу жана киреше алуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу үчүн уникалдуу потенциалга ээ экендигин, ошол эле учурда ар кандай чыгармачыл жамааттардын ичиндеги жана андан тышкары социалдык биримдикке оң таасирин тийгизерин белгилешти.

Фестивалдын алкагында уюштуруучулардын маалымат жыйынында Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева креативдүү чөйрөнүн келечеги кең экенин баса белгилеп, Кыргызпатент креативдүү экономиканы жандандыруу, товарлар жана кызмат көрсөтүүлөрдү кеңейтүү, аймактагы мектептерди заманбап инновациялык класстар менен камсыз кылуу жаатында ишке киргизүүгө даяр турган чоң долбоорлор тууралуу айтып берди.

Маалымат иретинде:

Фестивалда чыгып сүйлөгөн спикерлердин тизмеги:

  • Руслан Молчанов, Яндексдин мурдагы техникалык жетекчиси, негиздөөчү жана @veles.finance криптовалюта компаниясынын жетекчилеринин бири;

Темасы: Криптовалюта, блокчейн, Web3: бул эмне, эмне үчүн популярдуу жана кантип бул иш менен акча тапса болот?

  • Валерия Брусникина, IPChain ассоциациясынын IT-долбоорлорунун менеджери

Темасы: Интеллектуалдык менчиктерге жана креативдүү тармактар ​​үчүн IT чечимдер

  • Кайнар Камалов, PIPE компаниясынын инженерия боюнча директору

 Темасы: АКШдагы IT карьера: Кантип Америкалык стартаптарда аралыктан иштөөгө болот?

  • Таалай Джумабаев ,Google корпорациясындагы иштеп чыгуучусу, GrowthHungry жана Энелер-Мария долбоорлорунун негиздөөчүсү

Темасы: 0 баштап Google’дагы иштеп чыгуучуга кантип жетүүгө болот?

Дина Руслан, CODIFY IT компаниялар тобунун негиздөөчүсү жана башкы директору

Темасы: Бир идеядан бир миллион долларга чейин

  • Арген Дарманов, Кыргызстандын ESC KG киберспорт коомчулугунун негиздөөчүсү жана Бакыт Эмилжанов, профессионалдуу киберспортсмен, HYDRA командасынын оюнчусу

Темасы: Киберспорт – чыныгы кесип же хобби? Киберспортсмендер канча табат?

  • Галина Корецкая, Борбор Азиядагы Маданият жана Креативдүү Экономика боюнча долбоордун менеджери, Британ Кеңешинин мүчөсү (Алматы)

Темасы: Кантип креативдүү хабды ишке ашырса болот?

  • Игорь Намаконов, креативдүү индустрия Федерациясынын башкы директору

Темасы: Шаарды өнүктүрүүгө кластерлердин таасири

Григорий Туринцев, ЕАКОПтун Башкы катчысынын орун басары

Темасы: Креативдүү тармактардын кластерлери катары кесиптик бирикмелер

  • Миргуль Омурзакова, DM Associates негиздөөчүлөрүнүн бири

Темасы: Креатив деген эмне жана аны кантип табууга болот?

  • Адилет Ногойбаев,Youtube блоггер

Темасы: Чыгармачыл контент жана аны социалдык тармактарда жайылтуу менен илгерилетүү

  • Беназир Калиева, Михаил Ефименко, Кан Денис,CREATIVE TART

Темасы: Креативдүү дизайн

  • Зи Марат (Азат Марат), блогер, копирайтер

Темасы: «I am not a businessman, I’m business, man”. Жеке брендинг, блог жүргүзүү жана монетизациялоо жөнүндө

  • Нурлан Мирзаматов,Lights Creative Groupтун негиздөөчүсү, YouTubeтун 4 алтын жана 14 күмүш баскычынын ээси

Темасы: YouTube дагы жумуш боюнча маалымат

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.