28-29-апрелде Кыргызпатентте «Интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук коргоо. Кыргызпатенттин инновациялык ишмердүүлүгү» аттуу тренинг өткөрүлдү.
Тренингде бир катар коомдук бирикмелердин, ЖЧКнын юристтери, финансисттер, КМУнун, Кувейт эл аралык университетинин юридикалык факультеттеринин студенттери катышты.
Катышуучулар ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди жана өнөр жай үлгүлөрүн укуктук коргоо менен таанышып, селекциялык жетишкендиктер жана рационализатордук сунуштар, товардык белгилерди укуктук коргоо, товардык белгилерди эл аралык каттоо боюнча жаңы билимдерге ээ болушту.
Ошондой эле угуучулар Кыргызстанда автордук укукту ишке ашыруу, автордук укук объекттери кантип катталат деген темада билим берүү программасын алып, Кыргыз Республикасындагы авторлордун жана автордук укук ээлеринин мүлктүк укуктарын жамааттык башкаруу системасы боюнча лекция угушту.
Поделиться ссылкой:
Comments are closed.