Бүгүн, 29-апрелде, Кыргызпатентте “Стартап Кыргызстан 2020-2021” республикалык сынагынын жеңүүчүлөрүнө каражаттардын пайдаланылышын көзөмөлдөө боюнча комиссиянын жыйыны өттү.
“Ilgeri” долбоорунун автору Эрик Абдыкалыков мультимедиялык стартабы менен тааныштырып, Кыргызстандын маданиятын, тарыхын, материалдык жана материалдык эмес мурастарын заманбап технологияларын, креативдүү чечимдерин жана искусствонун жардамы менен кыргыз, орус жана англис тилдеринде жайылтып жатканын баса белгиледи.
Ошондой эле, Аскар Сүйүналиев “Checkin” – медициналык мекемеге онлайн жазылуудан тартып, электрондук медициналык картага чейин, медициналык кызмат көрсөтүү процессин жеңилдетүүгө багытталган медициналык маалыматтык системасын иштеп чыкканын; Айдаана Аматова “Chung Choong” – автордук методика боюнча кытай тилин үйрөнүү үчүн платформасы тзлгнжөнүндө; Бегалиев Адилет “Sigma Aero” авиакомпаниялар үчүн учуулардын коопсуздук деңгээлин жогорулатуу үчүн платформа түзүлгөнү жөнүндө; Березевский Александр “Lawsales” жарандарга колл-борбордун баштапкы акысыз кеңешин ачуу боюнча эл аралык IT-продуктусун иштеп чыкканын жана календардык пландын негизинде CRM-системалары модернизациялангандыгын белгиледи; ошондой эле Мамбеталиев Улукбек “Алма кытырактары” – кургатылган алма кытырактары жогору калориялуу картофель кытырактарына альтернатива кылып чыгарып жатышкандыгын айтып беришти.
Отурумдун жыйынтыгы боюнча комиссиянын мүчөлөрү тарабынан долбоорлорду өнүктүрүү боюнча бир катар сунуштар берилди, ошондой эле долбоордун авторлоруна гранттарды келишимде аныкталган максаттарга гана жана ар бир долбоордун календардык пландарына ылайык пайдаланууну камсыз кылууну баса белгилешти.
Поделиться ссылкой:
Comments are closed.