Бүгүн, 29-апрелде, Кыргызпатентте “Стартап Кыргызстан 2020-2021” республикалык сынагынын жеңүүчүлөрүнө каражаттардын пайдаланылышын көзөмөлдөө боюнча комиссиянын жыйыны өттү.
“Ilgeri” долбоорунун автору Эрик Абдыкалыков мультимедиялык стартабы менен тааныштырып, Кыргызстандын маданиятын, тарыхын, материалдык жана материалдык эмес мурастарын заманбап технологияларын, креативдүү чечимдерин жана искусствонун жардамы менен кыргыз, орус жана англис тилдеринде жайылтып жатканын баса белгиледи.
Ошондой эле, Аскар Сүйүналиев “Checkin” – медициналык мекемеге онлайн жазылуудан тартып, электрондук медициналык картага чейин, медициналык кызмат көрсөтүү процессин жеңилдетүүгө багытталган медициналык маалыматтык системасын иштеп чыкканын; Айдаана Аматова “Chung Choong” – автордук методика боюнча кытай тилин үйрөнүү үчүн платформасы тзлгнжөнүндө; Бегалиев Адилет “Sigma Aero” авиакомпаниялар үчүн учуулардын коопсуздук деңгээлин жогорулатуу үчүн платформа түзүлгөнү жөнүндө; Березевский Александр “Lawsales” жарандарга колл-борбордун баштапкы акысыз кеңешин ачуу боюнча эл аралык IT-продуктусун иштеп чыкканын жана календардык пландын негизинде CRM-системалары модернизациялангандыгын белгиледи; ошондой эле Мамбеталиев Улукбек “Алма кытырактары” – кургатылган алма кытырактары жогору калориялуу картофель кытырактарына альтернатива кылып чыгарып жатышкандыгын айтып беришти.
Отурумдун жыйынтыгы боюнча комиссиянын мүчөлөрү тарабынан долбоорлорду өнүктүрүү боюнча бир катар сунуштар берилди, ошондой эле долбоордун авторлоруна гранттарды келишимде аныкталган максаттарга гана жана ар бир долбоордун календардык пландарына ылайык пайдаланууну камсыз кылууну баса белгилешти.
28-29-апрелде Кыргызпатентте «Интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук коргоо. Кыргызпатенттин инновациялык ишмердүүлүгү» аттуу тренинг өткөрүлдү.
Тренингде бир катар коомдук бирикмелердин, ЖЧКнын юристтери, финансисттер, КМУнун, Кувейт эл аралык университетинин юридикалык факультеттеринин студенттери катышты.
Катышуучулар ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди жана өнөр жай үлгүлөрүн укуктук коргоо менен таанышып, селекциялык жетишкендиктер жана рационализатордук сунуштар, товардык белгилерди укуктук коргоо, товардык белгилерди эл аралык каттоо боюнча жаңы билимдерге ээ болушту.
Ошондой эле угуучулар Кыргызстанда автордук укукту ишке ашыруу, автордук укук объекттери кантип катталат деген темада билим берүү программасын алып, Кыргыз Республикасындагы авторлордун жана автордук укук ээлеринин мүлктүк укуктарын жамааттык башкаруу системасы боюнча лекция угушту.
Бүгүн, 28-апрелде, Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатент) директору Рахат Керимбаева жетектеген топ БУУнун Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн беш жылдык программасын талкуулоо боюнча консультативдик семинарга катышты.
Күн тартибинде туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн улуттук өнүктүрүү стратегияларын колдоо боюнча 2023-жылдан 2027-жылга чейинки кийинки беш жылдык программалык циклге Кыргыз Республикасындагы БУУнун Өнуктүрүү программалык багытын презентациялоо жана талкуулоо каралган.
Катышуучуларга БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Луиза Чемберлен, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Жогорку Кеңештин вице-спикери Улан Примов жана башкалар катышты.
26-апрелден 30-апрелге чейин Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) Кыргызстан Эл аралык университети (ЭУ) жана борбор калаанын мэриясынын билим берүү башкармалыгы менен биргеликте “Интеллектуалдык аралашма” илимий-билим берүү иш-чарасын өткөрүүдө.
Иш-чаранын демилгечиси КРЭАУнун жаш окумуштуулар кеңеши болуп аталды.
Иш-чаранын максаты – студенттердин билимге жана илимге болгон кызыгуусун арттыруу, сапаттуу жогорку билим алууга умтулуусун өнүктүрүү, ошондой эле ой-жүгүртүүсүн, интеллектуалын кеңейтүү, мекенге сүйүүсүн ойготуу жана Кыргызстан тууралуу билимдерин тереңдетүү.
“Интеллектуалдык аралашма” иш-чарасына 11-класстын окуучуларынан түзүлгөн командалар жана алардын күйөрмандары чакырылган. Оюнга Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун кырк мектебинин командалары катышты.
Ошондой эле бул иш-чара студенттердин клкчектен өз ордун туура табуусуна, ар бир инсандын каалоосуна, жөндөмдүүлүгүнө, индивидуалдык өзгөчөлүктөрүнө ылайык жана эмгек рыногундагы социалдык-маданий жана экономикалык кырдаалды эске алуу менен өз кесебин жаңылбай тандоосуна көмөктөшүү максатын көздөйт.
Интеллектуалдык оюн бир нече этап менен өткөрүлүп жатат. Биринчи этапта катышуучулар заманбап дүйнөдө билим менен илимдин ролу жөнүндө эссе жазышты», ошол эле учурда бир нече кызыктуу субтемалар болду. Эң мыкты эсселер кийинчерээк эсселердин жыйнагы катары МУКК расмий сайтынын (www.mukr.iuk.kg) “Илим” бөлүмүндө басылып чыгат.
Экинчи этапта мектеп окуучулары «Мен Кыргызстанды сүйөм» деген темада материалдарды көрсөтүштү. Бул ар бир команданын үй тапшырмасы болуп, он баллдык шкаласы менен бааланган. III этапта “Quiz-оюн” болду; IV боюнча – катышуучулар «Эмне? Кайда? Качан?” жана эң акыркы этапта – кубик Рубикти чогултууда эң эрудитти көрсөтүштү.
Интеллектуалдык оюндун бардык этаптарынын жыйынтыгы менен жеңүүчүлөргө кубок, медалдар жана баалуу сыйлыктар ыйгарылат. Иш-чарага ARTWIN курулуш компаниясынын башкы директору, Coca Cola Kyrgyzstan, Kav and Kev, Тойбосс, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги жана Кыргыз Республикасынын Эл аралык университети демөөрчүлүк кылышты.
Бүгүн, 26-апрелде Кыргызпатенттин Инновациялык борборунда Интеллектуалдык менчиктин эл аралык жана улуттук күнүнө карата “Интеллектуалдык менчик жана жаштар: инновациялар келечек үчүн” аталышында салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чараны Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева ачып берип, КРнын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы Жетиген Бакиров, Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Шакиев, Конрад Аденауэр атындагы фонддун Кыргызстандагы долбоорлорунун координатору Алексей Курохтиндер куттук сөзүн айтышты.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, бир катар мамлекеттик органдардын, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү жана интеллектуалдык менчик жаатында эмгектенген адистер катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Конрад Аденауэр атындагы фонддун Борбор Азиядагы өкүлчүлүгүнүн каржылоосу менен даярдалган интеллектуалдык менчикти коргоо, товардык белгилер, автордук укуктарды каттоо жана инновациялык ишмердикти өнүктүрүү боюнча видеороликтердин бет ачары өткөрүлдү.
Салтанаттуу түрдө Интеллектуалдык менчтиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун Алтын Медалдары менен төмөнкүлөр сыйланышты:
Кыргызпатенттин бир топ кызматкерлерине ведомстволук сыйлыктар тапшырылып, Кыргызпатенттин жогорку класстын окуучулары арасында “Ойлоп табуу” жана “Видеоролик” номинациялары боюнча өткөрүлгөн “Келечек жаратманы” республикалык олимпиадасынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өткөрүлдү.
Кечээ, 25-апрелде, Кыргызпатент Кыргызстан кол өнөрчүлүк Кеңеши менен бирге “Көчмөн сыры” аталышында семинар өткөрдү.
Иш-чара жаратмандарды, кол өнөрчүлөрдү, чыгармачыл инсандарды, өлкөбүздөгү авторлордун ишмердүүлүгүн өркүндөтүү, баалоо, барктоо, улуттук баалуулуктарды, маданиятты өнүктүрүү жана колдоо максатында Кыргызпатенттин Инновациялык борборунда уюштурулду.
Семинарды ачып берип жатып Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, кыргыз кол өнөрчүлүгү дүйнө жүзүндө жогору бааланарын, чеберлердин жасалгалары өзүнүн экологиялык нукуралуулугу жана тазалыгы менен айырмаланарын айтып өттү.
Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева сөз сүйлөп, креативдүү чөйрөнүн келечеги кең экенин баса белгилеп, кол өнөрчүлүк кылымдан кылымга мурас болуп кала беришине ишенерин билдирди.
Иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, кол өнөрчүлөр, чеберлер, дизайнерлер катышты.
Семинардын жүрүшүндө кыргыздын кол өнөрчүлүгү, аны жайылтуу, кайрадан жандантуу, өркүндөтүү жана ар кандай көйгөйлөрү жөнүндө талкуу жүргүзүлдү.
Мындан сырткары, Кыргызстандын кол өнөрчүлөр кеңеши жана Кыргызпатенттин ортосунда эки тараптуу меморандумга кол коюу салтанаты өткөрүлүп, «Жаз кайрыктары» кол өнөрчүлөрдүн автордук эмгектеринин көргөзмөсү уюштурулду.

– Өлкөнүн экономикалык жана илимий-техникалык өнүгүүсүнө өзгөчө салым кошкондугу, ойлоп табуучулук ишмердиктеги жетишкендиги үчүн “Ойлоп табуучулук үчүн” номинациясы боюнча техника илимдеринин кандидаты Касымбеков Рыскул Асангулович. Анын маанилүү ойлоп табуусу – коомчулукта өзгөчө талапка ээ болгон, заманбап өндүрүштө колдонулган тамчылатып сугаруу технологиясы.
– Кыргыз Республикасынын маданиятына кошкон зор салымы, чыгармачылыктагы барандуу жетишкендиктери үчүн “Чыгармачылык үчүн” номинациясы менен, филология илимдеринин кандидаты, тарых илимдеринин доктору, фольклорчу-этнограф Кайыпов Сулайман Турдуевич.
Кыргызпатенттин бир топ кызматкерлерине ведомстволук сыйлыктар тапшырылып, Кыргызпатенттин жогорку класстын окуучулары арасында “Ойлоп табуу” жана “Видеоролик” номинациялары боюнча өткөрүлгөн “Келечек жаратманы” республикалык олимпиадасынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өткөрүлдү.
Бүгүн, 25 апрелде, Кыргызпатент Кыргызстан кол өнөрчүлүк Кеңеши менен бирге “Көчмөн сыры” аталышында семинар өткөрдү.
Иш-чара жаратмандарды, кол өнөрчүлөрдү, чыгармачыл инсандарды, өлкөбүздөгү авторлордун ишмердүүлүгүн өркүндөтүү, баалоо, барктоо, улуттук баалуулуктарды, маданиятты өнүктүрүү жана колдоо максатында Кыргызпатенттин Инновациялык борборунда уюштурулду.
Семинарды ачып берип жатып Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, кыргыз кол өнөрчүлүгү дүйнө жүзүндө жогору бааланарын, чеберлердин жасалгалары өзүнүн экологиялык нукуралуулугу жана тазалыгы менен айырмаланарын айтып өттү.
Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева сөз сүйлөп, креативдүү чөйрөнүн келечеги кең экенин баса белгилеп, кол өнөрчүлүк кылымдан кылымга мурас болуп кала беришине ишенерин билдирди.
Иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, кол өнөрчүлөр, чеберлер, дизайнерлер катышты.
Семинардын жүрүшүндө кыргыздын кол өнөрчүлүгү, аны жайылтуу, кайрадан жандантуу, өркүндөтүү жана ар кандай көйгөйлөрү жөнүндө талкуу жүргүзүлдү.
Мындан сырткары, Кыргызстандын кол өнөрчүлөр кеңеши жана Кыргызпатенттин ортосунда эки тараптуу меморандумга кол коюу салтанаты өткөрүлүп, «Жаз кайрыктары» кол өнөрчүлөрдүн автордук эмгектеринин көргөзмөсү уюштурулду.
Кыргызпатенттин Инновациялык борборунда бүткүл дүйнөлүк автордук укук жана китеп күнүнө карата “Санариптик чөйрөдө музыкалык чыгармаларга укуктарды башкаруунун толук цикли: каттоодон акча табууга чейин” аталышында конференция өткөрүлдү.
Иш-чара Кыргызпатент, IPChain Кыргызстан, Евразия укук ээлеринин коомдорунун конфедерациясы (EAУЭКК) тарабынан уюштурулуп, ага кыргыздын көрүнүктүү маданий жана искусство ишмерлери катышты.
Конференцияны Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева ачып берип, музыкалык чыгармаларга болгон укукту башкаруу боюнча өткөрүлгөн иш-чара – музыкалык чөйрөнүн өнүгүүсүнө өз таасирин тийгизерине терең ишенерин билдирип, ведомствонун автордук укук жана китеп жаатында аткарган иштери тууралуу айтып берди.
Спикер катарында EAУЭККнын башкы катчысынын орун басары Г.Туринцев жана FONMIXтин коммерциялык директору И.Осташевскаялар чыгып сүйлөп, интеллектуалдык менчик үчүн ишеним инфратүзүмү жана укук ээлери жана бизнес үчүн заманбап IT-технологиялар тууралуу айтып беришти.
Конференциянын жүрүшүндө музыкалык контентти колдонуу боюнча ачык-айкын, деталдаштырылган статистиканы түптөөнүн актуалдуулугу, колдонуучулар арасында укук ээлеринин каталогдорун жайылтуу мүмкүнчүлүгү; музыкалык контентти акыркы колдонуучуга (пайдалануучуга) чейин жеткирүү маселелери талкууланды.