Escort Lyon

Жаңылыктар

29
Apr

“Стартап Кыргызстан 2020-2021” сынагынын жеңүүчүлөрү долбоорлорунун жүрүшү тууралуу маалымат беришти

Бүгүн, 29-апрелде, Кыргызпатентте “Стартап Кыргызстан 2020-2021” республикалык сынагынын жеңүүчүлөрүнө каражаттардын пайдаланылышын көзөмөлдөө боюнча комиссиянын жыйыны өттү.

Жыйындын катышуучуларына Кыргызпатенттин жетекчиси Рахат Керимбаева саламдашуу сөзү менен кайрылды. «Стартап Кыргызстан 2020-2021» республикалык сынагынын жеңүүчүлөрү долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат беришти. Белгилей кетсек, стартаптардын ар бирин жылдыруу үчүн 500 миң сом бөлүнгөн.

“Ilgeri” долбоорунун автору Эрик Абдыкалыков мультимедиялык стартабы менен тааныштырып, Кыргызстандын маданиятын, тарыхын, материалдык жана материалдык эмес мурастарын заманбап технологияларын, креативдүү чечимдерин жана искусствонун жардамы менен кыргыз, орус жана англис тилдеринде жайылтып жатканын баса белгиледи.

Ошондой эле, Аскар Сүйүналиев “Checkin” – медициналык мекемеге онлайн жазылуудан тартып, электрондук медициналык картага чейин, медициналык кызмат көрсөтүү процессин жеңилдетүүгө багытталган медициналык маалыматтык системасын иштеп чыкканын; Айдаана Аматова “Chung Choong” – автордук методика боюнча кытай тилин үйрөнүү үчүн платформасы тзлгнжөнүндө; Бегалиев Адилет “Sigma Aero” авиакомпаниялар үчүн учуулардын коопсуздук деңгээлин жогорулатуу үчүн платформа түзүлгөнү жөнүндө; Березевский Александр “Lawsales” жарандарга колл-борбордун баштапкы акысыз кеңешин ачуу боюнча эл аралык IT-продуктусун иштеп чыкканын жана календардык пландын негизинде CRM-системалары модернизациялангандыгын белгиледи;  ошондой эле Мамбеталиев Улукбек “Алма кытырактары” – кургатылган алма кытырактары жогору калориялуу картофель кытырактарына альтернатива кылып чыгарып жатышкандыгын айтып беришти.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча комиссиянын мүчөлөрү тарабынан долбоорлорду өнүктүрүү боюнча бир катар сунуштар берилди, ошондой эле долбоордун авторлоруна гранттарды келишимде аныкталган максаттарга гана жана ар бир долбоордун календардык пландарына ылайык пайдаланууну камсыз кылууну баса белгилешти.

29
Apr

Кыргызпатентте интеллектуалдык менчик боюнча тренинг өткөрүлдү

28-29-апрелде Кыргызпатентте «Интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук коргоо. Кыргызпатенттин инновациялык ишмердүүлүгү» аттуу тренинг өткөрүлдү.

Тренингде бир катар коомдук бирикмелердин, ЖЧКнын юристтери, финансисттер, КМУнун, Кувейт эл аралык университетинин юридикалык факультеттеринин студенттери катышты.

Катышуучулар ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди жана өнөр жай үлгүлөрүн укуктук коргоо менен таанышып, селекциялык жетишкендиктер жана рационализатордук сунуштар, товардык белгилерди укуктук коргоо, товардык белгилерди эл аралык каттоо боюнча жаңы билимдерге ээ болушту.

Ошондой эле угуучулар Кыргызстанда автордук укукту ишке ашыруу, автордук укук объекттери кантип катталат деген темада билим берүү программасын алып, Кыргыз Республикасындагы авторлордун жана автордук укук ээлеринин мүлктүк укуктарын жамааттык башкаруу системасы боюнча лекция угушту.

28
Apr

Кыргызпатенттин директору Р.Керимбаева БУУнун Өнуктгүрүү программасынын алкагында Кыргызстандагы жакынкы беш жылдык программасын талкуулоого катышты

Бүгүн, 28-апрелде, Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатент) директору Рахат Керимбаева жетектеген топ БУУнун Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн беш жылдык программасын талкуулоо боюнча консультативдик семинарга катышты.

Күн тартибинде туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн улуттук өнүктүрүү стратегияларын колдоо боюнча 2023-жылдан 2027-жылга чейинки кийинки беш жылдык программалык циклге Кыргыз Республикасындагы БУУнун Өнуктүрүү программалык багытын презентациялоо жана талкуулоо каралган.

Катышуучуларга БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Луиза Чемберлен, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Жогорку Кеңештин вице-спикери Улан Примов жана башкалар катышты.

28
Apr

Кыргызпатент Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жогорку класстарынын окуучулары арасында интеллектуалдык оюн өткөрүүдө

26-апрелден 30-апрелге чейин Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) Кыргызстан Эл аралык университети (ЭУ) жана борбор калаанын мэриясынын билим берүү башкармалыгы менен биргеликте “Интеллектуалдык аралашма” илимий-билим берүү иш-чарасын өткөрүүдө.

Иш-чаранын демилгечиси КРЭАУнун жаш окумуштуулар кеңеши болуп аталды.
Иш-чаранын максаты – студенттердин билимге жана илимге болгон кызыгуусун арттыруу, сапаттуу жогорку билим алууга умтулуусун өнүктүрүү, ошондой эле ой-жүгүртүүсүн, интеллектуалын кеңейтүү, мекенге сүйүүсүн ойготуу жана Кыргызстан тууралуу билимдерин тереңдетүү.

“Интеллектуалдык аралашма” иш-чарасына 11-класстын окуучуларынан түзүлгөн командалар жана алардын күйөрмандары чакырылган. Оюнга Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун кырк мектебинин командалары катышты.

Ошондой эле бул иш-чара студенттердин клкчектен өз ордун туура табуусуна, ар бир инсандын каалоосуна, жөндөмдүүлүгүнө, индивидуалдык өзгөчөлүктөрүнө ылайык жана эмгек рыногундагы социалдык-маданий жана экономикалык кырдаалды эске алуу менен өз кесебин жаңылбай тандоосуна көмөктөшүү максатын көздөйт.

Интеллектуалдык оюн бир нече этап менен өткөрүлүп жатат. Биринчи этапта катышуучулар заманбап дүйнөдө билим менен илимдин ролу жөнүндө эссе жазышты», ошол эле учурда бир нече кызыктуу субтемалар болду. Эң мыкты эсселер кийинчерээк эсселердин жыйнагы катары МУКК расмий сайтынын (www.mukr.iuk.kg) “Илим” бөлүмүндө басылып чыгат.

Экинчи этапта мектеп окуучулары «Мен Кыргызстанды сүйөм» деген темада материалдарды көрсөтүштү. Бул ар бир команданын үй тапшырмасы болуп, он баллдык шкаласы менен бааланган. III этапта “Quiz-оюн” болду; IV боюнча – катышуучулар «Эмне? Кайда? Качан?” жана эң акыркы этапта – кубик Рубикти чогултууда эң эрудитти көрсөтүштү.

Интеллектуалдык оюндун бардык этаптарынын жыйынтыгы менен жеңүүчүлөргө кубок, медалдар жана баалуу сыйлыктар ыйгарылат. Иш-чарага ARTWIN курулуш компаниясынын башкы директору, Coca Cola Kyrgyzstan, Kav and Kev, Тойбосс, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги жана Кыргыз Республикасынын Эл аралык университети демөөрчүлүк кылышты.

26
Apr

Интеллектуалдык менчиктин эл аралык жана улуттук күнү белгиленди 

Бүгүн, 26-апрелде Кыргызпатенттин Инновациялык борборунда Интеллектуалдык менчиктин эл аралык жана улуттук күнүнө карата “Интеллектуалдык менчик жана жаштар: инновациялар келечек үчүн” аталышында салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чараны Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева ачып берип, КРнын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы Жетиген Бакиров, Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Шакиев, Конрад Аденауэр атындагы фонддун Кыргызстандагы долбоорлорунун координатору Алексей Курохтиндер куттук сөзүн айтышты.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, бир катар мамлекеттик органдардын, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү жана интеллектуалдык менчик жаатында эмгектенген адистер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Конрад Аденауэр атындагы фонддун Борбор Азиядагы өкүлчүлүгүнүн каржылоосу менен даярдалган интеллектуалдык менчикти коргоо, товардык белгилер, автордук укуктарды каттоо жана инновациялык ишмердикти өнүктүрүү боюнча видеороликтердин бет ачары өткөрүлдү.

Салтанаттуу түрдө Интеллектуалдык менчтиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун Алтын Медалдары менен төмөнкүлөр сыйланышты:

–       Өлкөнүн экономикалык жана илимий-техникалык өнүгүүсүнө өзгөчө салым кошкондугу, ойлоп табуучулук ишмердиктеги жетишкендиги үчүн “Ойлоп табуучулук үчүн” номинациясы боюнча техника илимдеринин кандидаты Касымбеков Рыскул Асангулович. Анын маанилүү ойлоп табуусу – коомчулукта өзгөчө талапка ээ болгон, заманбап өндүрүштө колдонулган тамчылатып сугаруу технологиясы.

–       Кыргыз Республикасынын маданиятына кошкон зор салымы, чыгармачылыктагы барандуу жетишкендиктери үчүн “Чыгармачылык үчүн” номинациясы менен, филология илимдеринин кандидаты, тарых илимдеринин доктору, фольклорчу-этнограф Кайыпов Сулайман Турдуевич.

Кыргызпатенттин бир топ кызматкерлерине ведомстволук сыйлыктар тапшырылып, Кыргызпатенттин жогорку класстын окуучулары арасында “Ойлоп табуу” жана “Видеоролик” номинациялары боюнча өткөрүлгөн “Келечек жаратманы” республикалык олимпиадасынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өткөрүлдү.

25
Apr

Кыргызпатент Кыргызстан кол өнөрчүлүк Кеңеши менен бирге “Көчмөн сыры” аталышында семинар өткөрдү

Бүгүн, 25 апрелде, Кыргызпатент Кыргызстан кол өнөрчүлүк Кеңеши менен бирге “Көчмөн сыры” аталышында семинар өткөрдү.

Иш-чара жаратмандарды, кол өнөрчүлөрдү, чыгармачыл инсандарды, өлкөбүздөгү авторлордун ишмердүүлүгүн өркүндөтүү, баалоо, барктоо, улуттук баалуулуктарды, маданиятты өнүктүрүү жана колдоо максатында Кыргызпатенттин Инновациялык борборунда уюштурулду.

Семинарды ачып берип жатып Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, кыргыз кол өнөрчүлүгү дүйнө жүзүндө жогору бааланарын, чеберлердин жасалгалары өзүнүн экологиялык нукуралуулугу жана тазалыгы менен айырмаланарын айтып өттү.

Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева сөз сүйлөп, креативдүү чөйрөнүн келечеги кең экенин баса белгилеп, кол өнөрчүлүк кылымдан кылымга мурас болуп кала беришине ишенерин билдирди.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, кол өнөрчүлөр, чеберлер, дизайнерлер катышты.

Семинардын жүрүшүндө кыргыздын кол өнөрчүлүгү, аны жайылтуу,  кайрадан жандантуу, өркүндөтүү жана ар кандай көйгөйлөрү жөнүндө талкуу жүргүзүлдү.

Мындан сырткары, Кыргызстандын кол өнөрчүлөр кеңеши жана Кыргызпатенттин ортосунда эки тараптуу меморандумга кол коюу салтанаты өткөрүлүп, «Жаз кайрыктары» кол өнөрчүлөрдүн автордук эмгектеринин көргөзмөсү уюштурулду.

25
Apr

28 апреля т.г. в 16.00ч. в конференц- зале будет проходить общественное обсуждение проекта среднесрочных стратегий бюджетных расходов (ССБР) Кыргызпатента

Извините, этот текст доступен только в “Русский”.

23
Apr

Санариптик чөйрөдө музыкалык чыгармаларга укуктарды башкаруу боюнча конференция өткөрүлдү

Кыргызпатенттин Инновациялык борборунда бүткүл дүйнөлүк автордук укук жана китеп күнүнө карата “Санариптик чөйрөдө музыкалык чыгармаларга укуктарды башкаруунун толук цикли: каттоодон акча табууга чейин” аталышында конференция өткөрүлдү.

Иш-чара Кыргызпатент, IPChain Кыргызстан, Евразия укук ээлеринин коомдорунун конфедерациясы (EAУЭКК) тарабынан уюштурулуп, ага кыргыздын көрүнүктүү маданий жана искусство ишмерлери катышты.

Конференцияны Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева ачып берип, музыкалык чыгармаларга болгон укукту башкаруу боюнча өткөрүлгөн иш-чара – музыкалык чөйрөнүн өнүгүүсүнө өз таасирин тийгизерине терең ишенерин билдирип, ведомствонун автордук укук жана китеп жаатында аткарган иштери тууралуу айтып берди.

Спикер катарында EAУЭККнын башкы катчысынын орун басары Г.Туринцев жана  FONMIXтин  коммерциялык директору И.Осташевскаялар чыгып сүйлөп, интеллектуалдык менчик үчүн ишеним инфратүзүмү жана укук ээлери жана бизнес үчүн заманбап IT-технологиялар тууралуу айтып беришти.

Конференциянын жүрүшүндө музыкалык контентти колдонуу боюнча ачык-айкын, деталдаштырылган статистиканы түптөөнүн актуалдуулугу, колдонуучулар арасында укук ээлеринин каталогдорун жайылтуу мүмкүнчүлүгү; музыкалык контентти акыркы колдонуучуга (пайдалануучуга) чейин жеткирүү маселелери талкууланды.

23
Apr

Кыргызстандагы креативдүү тармактардын биринчи фестивалы өткөрүлдү

Бүгүн, 23 апрелде, #CREATE4 KG Кыргызстандагы креативдүү тармактардын биринчи фестивалы өткөрүлдү.

Фестивалды Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров ачып берди. Садыр Жапаров, креативдүү экономика салыштырмалуу жаңы багыт экенинин белгиледи.

“Креативдүү экономика акыркы жылдары адамдын интеллектуалдык потенциалына негизделген, калктын кирешесинин көбөйүшүнө жана иш менен камсыз болушуна, ошондой эле экспортту жогорулатууга жана инновациялык ишкердикти өнүктүрүүгө өбөлгө болуучу экономиканын перспективдүү секторлорунун бири катары дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде Кыргызстанда да өзгөчө орун алып, активдүү өнүгүп жаткан маалы”, – деди С.Жапаров.

Өлкөбүздүн кылымдарды карыткан маданиятка ээ, салт-санаалары менен элдик кол өнөрчүлүгү бай, таланттуу жаштарга арбын, туристтик зор потенциалга ээ өлкө экендигин эске алып, ал аркылуу жашыл экономика менен санариптик жана креативдүү экономикага басым жасоого мезгил келип жеткендигин баса белгилеп кетейин.

креативдүү экономика өлкөнүн негизги приоритеттүү багыттардын бири болуп саналарын, мындан сырткары,  өлкөдө чыгармачылык жана интеллектуалдык потенциалды колдоо жана жогорулатуу, инновациялык процесстерди өнүктүрүү, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү шарттоо жана ишке ашыруу максатында жаңы платформалар түзүлүп жатканын билдирди.

Фестивал БУУнун өнүктүрүү программасынын акселератордук лабораториясы, креативдүү индустриялар ассоциациясы, CODIFY IT компаниялар тобу, ololo чыгармачыл бирикмелер тутуму жана Кыргызпатент тарабынан уюштурулду.

Фестивалдын негизги милдети – кенен аудиторияга заманбап турмушта өзүнүн шык-жөндөмүн жана чыгармачылыгын модентизациялоо ыкмалары жана мүмкүнчүлүктөрү боюнча багыт берүү.

Иш-чаранын миңден ашык катышуучулары үчүн Кыргызстан, Казакстан, Россия, Украинадан келген профессионал спикерлер – санариптик искусство, IT, маркетинг жана чыгармачыл тармактардын башка тармактарынын өкүлдөрү өз тажрыбалары менен бөлүштү.

Баяндамачылар чыгармачыл тармактардын өзгөчө Кыргызстандын жаштары жана аялдары үчүн жумуш менен камсыз кылуу жана киреше алуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу үчүн уникалдуу потенциалга ээ экендигин, ошол эле учурда ар кандай чыгармачыл жамааттардын ичиндеги жана андан тышкары социалдык биримдикке оң таасирин тийгизерин белгилешти.

Фестивалдын алкагында уюштуруучулардын маалымат жыйынында Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева креативдүү чөйрөнүн келечеги кең экенин баса белгилеп, Кыргызпатент креативдүү экономиканы жандандыруу, товарлар жана кызмат көрсөтүүлөрдү кеңейтүү, аймактагы мектептерди заманбап инновациялык класстар менен камсыз кылуу жаатында ишке киргизүүгө даяр турган чоң долбоорлор тууралуу айтып берди.

Маалымат иретинде:

Фестивалда чыгып сүйлөгөн спикерлердин тизмеги:

  • Руслан Молчанов, Яндексдин мурдагы техникалык жетекчиси, негиздөөчү жана @veles.finance криптовалюта компаниясынын жетекчилеринин бири;

Темасы: Криптовалюта, блокчейн, Web3: бул эмне, эмне үчүн популярдуу жана кантип бул иш менен акча тапса болот?

  • Валерия Брусникина, IPChain ассоциациясынын IT-долбоорлорунун менеджери

Темасы: Интеллектуалдык менчиктерге жана креативдүү тармактар ​​үчүн IT чечимдер

  • Кайнар Камалов, PIPE компаниясынын инженерия боюнча директору

 Темасы: АКШдагы IT карьера: Кантип Америкалык стартаптарда аралыктан иштөөгө болот?

  • Таалай Джумабаев ,Google корпорациясындагы иштеп чыгуучусу, GrowthHungry жана Энелер-Мария долбоорлорунун негиздөөчүсү

Темасы: 0 баштап Google’дагы иштеп чыгуучуга кантип жетүүгө болот?

Дина Руслан, CODIFY IT компаниялар тобунун негиздөөчүсү жана башкы директору

Темасы: Бир идеядан бир миллион долларга чейин

  • Арген Дарманов, Кыргызстандын ESC KG киберспорт коомчулугунун негиздөөчүсү жана Бакыт Эмилжанов, профессионалдуу киберспортсмен, HYDRA командасынын оюнчусу

Темасы: Киберспорт – чыныгы кесип же хобби? Киберспортсмендер канча табат?

  • Галина Корецкая, Борбор Азиядагы Маданият жана Креативдүү Экономика боюнча долбоордун менеджери, Британ Кеңешинин мүчөсү (Алматы)

Темасы: Кантип креативдүү хабды ишке ашырса болот?

  • Игорь Намаконов, креативдүү индустрия Федерациясынын башкы директору

Темасы: Шаарды өнүктүрүүгө кластерлердин таасири

Григорий Туринцев, ЕАКОПтун Башкы катчысынын орун басары

Темасы: Креативдүү тармактардын кластерлери катары кесиптик бирикмелер

  • Миргуль Омурзакова, DM Associates негиздөөчүлөрүнүн бири

Темасы: Креатив деген эмне жана аны кантип табууга болот?

  • Адилет Ногойбаев,Youtube блоггер

Темасы: Чыгармачыл контент жана аны социалдык тармактарда жайылтуу менен илгерилетүү

  • Беназир Калиева, Михаил Ефименко, Кан Денис,CREATIVE TART

Темасы: Креативдүү дизайн

  • Зи Марат (Азат Марат), блогер, копирайтер

Темасы: «I am not a businessman, I’m business, man”. Жеке брендинг, блог жүргүзүү жана монетизациялоо жөнүндө

  • Нурлан Мирзаматов,Lights Creative Groupтун негиздөөчүсү, YouTubeтун 4 алтын жана 14 күмүш баскычынын ээси

Темасы: YouTube дагы жумуш боюнча маалымат

22
Apr

“Кыргызстанда электр мобилдүүлүктү өнүктүрүү” аталышында конференция өткөрүлдү

Бүгүн, 22-апрелде, Кыргызпатенттин Инновациялык борборунда “Кыргызстанда электр мобилдүүлүктү өнүктүрүү” аталышында конференция (гибриддик форматта) өткөрүлдү.
Иш-чараны Кыргызпатенттин директорунун биринчи орун басары Исламбек Мойдинов ачып берип, өлкөдө инновацияларды, анын ичинде жашыл технологияларды өнүктүрүү үчүн акыл-эс чечимдерин киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Конференцияга Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дороги, Аньош Йедлик атындагы электромобилдүүлүк кластеринин директору Золтан Виг (Венгрия), БУУнун энергетика боюнча эксперти Улар Ниязалиев, мамлекеттик органдардын, жогорку окуу жайларынын жана бизнес коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Онлайн байланыш аркылуу электр мобилдүүлүк кластеринин директору Золтан Виг Венгриянын электр транспорт каражаттарына өтүүдөгү тажрыйбасы, ушул жааттагы мыйзамдар, мамлекеттик колдоо, негизги бизнес моделдер жана аларды жөнгө салуу ыкмалары тууралуу айтып берди.
Спикерлер электр менен жүрүүчү унааларды өндүрүү жана аларды өнүктүрүү, тиешелүү инфратүзүм менен камсыздоо боюнча жүргүзулүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.
Мындан сырткары, көмүр кычкыл газынын калдыктарын азайтуу үчүн жашыл технологияларды жандандыруу жана ушул тармакта маалыматтуулукту жогорулатуу маселелерин талкуулашты.