Escort Lyon

Жаңылыктар

22
Apr

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Э. Байсалов Кыргызпатенттин ишмердиги менен таанышты

Бүгүн, 22-апрелде  КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин ишмердиги менен таанышты.

 

Жолугушууда Кыргызпатенттин интеллектуалдык менчик жана инновациялык ишмердикке ишмердигине байланышкан маселелер талкууланды.

 

Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева ведомствонун ишмердиги, анын ичинде мекеме тарабынан өлкөнүн бардык областарындагы инновациялык долбоорлорду каржылоо жана аларды илгерилетүү максатында демилгеленип жаткан “40 райондон – 40 демилге” долбоору менен тааныштырды.

 

Мындан сырткары, “Аймактарда инновациялык борборлорду ачуу” долбоору, аймактагы мектептерде коомдук башталыштагы илимий жетекчилерди дайындоо институту тууралуу да кенен баяндап берди жана бул демилгелер балдардын потенциалын жаш курагынан тарта ачууга жардам берет.

 

Жолугушуунун жыйынтыгында КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Э. Байсалов маанилүү тармакта үзүрлүү эмгектенип жатканы үчүн ведомствонун кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, инновациялык ачылыштарды жана стартаптарды илгерилетүүгө басым коюуну сунуштады.

21
Apr

21-апрель – бүткүл дүйнөлүк чыгармачылык жана инновациялык ишмердик күнү!

Кыргызпатенттин жетекчилиги жана эмгек жамааты ойлоп табуучу, чыгармачыл жана жаратман инсандарды 21-апрель – бүткүл дүйнөлүк чыгармачылык жана инновациялык ишмердик күнү менен куттуктайт!
 
Чыгармачылык эргүүңүздөр, өзүңүздөргө болгон ишенимиңиздер толук болуп, жаратмандыкта ийгиликтерди багынта бериңиздер!
20
Apr

Жаш калемгердин туңгуч чыгармалары камтылган “Саамалык – 16” адабий жыйнагы жарык көрдү

Бүгүн, 20-апрелде Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата Кыргызпатент жаш калемгерлердин «Саамалык – 16» адабий жыйнагынын бет ачар аземин өткөрдү.

Жаш авторлордун алгачкы чыгармалар топтомун чыгаруунун максаты — калемгерлердин чыгармачылыгын колдоп, тунгуч чыгармаларынын жарык көрүүсүнө өбөлгө түзүү жана шык-эргүү берүү болуп саналат.

Иш-чараны Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева ачып берип, жаш калемгерлердин  “Саамалык” аркылуу тушоосу кесилип, эртеңки күнү жылдызы жанып, эл арасында белгилүү акын-жазуучу болуп чыгарына үмүттөнөрүн, авторлордун чыгармачылыгынын өнүгүшүнө Кыргызпатент ар качан колдоо көрсөтө тургандыгын билдирди.

Аталган альманах 2000-жылдын март айынан тарта чыгарылып келет. «Саамалык –16» адабий топтомуна өлкөбүздүн бардык аймактарынан, ошондой эле Россия Федерациясында эмгектенген жаштардын, студенттердин, мектеп окуучулардын, жалпысынан 47 жаш калемгердин алгачкы чыгармалары жарык көрдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө жаш калемгерлердин ырлары окулуп, “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунун алдындагы “ДемиАрт” театралдык студиясынын окуучулары даярдаган театралдык көрүнүштөр көрсөтүлдү.

Бет ачар аземи Кыргызпатенттин инновациялык борборунда өткөрүлүп, ага белгилүү акын-жазуучулар, адабий клубдардын жетекчилери, мүчөлөрү, жаш авторлор жана адабият сүйүүчүлөрү катышты.

19
Apr

Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо боюнча тегерек стол өткөрүлдү

Бүгүн, 19-апрелде КыргызпатентКыргыз Республикасында селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо” аталышында тегерек стол өткөрдү.

Иш-чара Кыргызпатенттин Инновациялык борборунун базасында уюштурулуп, ага мамлекеттик органдардын, жогорку окуу жайлардын, илимий-изилдөө институттарынын, селекционерлердин, үрөөнчүлүк жана мал чарбачылык ассоциацияларынын, Кыргызстандын күнөсканалар ассоциациясынын өкүлдөрү жана патенттик ишенимдүү өкүлдөрү катышты.

Иш-чараны Кыргызпатенттин директорунун биринчи орун басары Исламбек Мойдинов ачып берди.

Баяндамачылар селекциялык жетишкендиктерге укуктук документ алуу, мал чарбасынын асылдуулугун жогорулатуу, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаӊы сортторун чыгаруу жана күнөсканада өстүрүлгөн өсүмдүктөрдүн натыйжалуулугу тууралуу маалыматтарды беришти.

Катышуучулар тарабынан селекциялык жетишкендиктерди коргоо маселелери, ушул жаатта коомчулуктун маалыматтуулугун жогорулатуу боюнча суроо-жооп түрүндө талкуу жүргүзүлдү.

18
Apr

Кыргызпатент Кыргыз-Түрк Манас университети менен биргеликте Баткенде ИМ боюнча жолугушууларды өткөрдү

Бүгүн, 18-апрелде Кыргызпатент Кыргыз-Түрк Манас университети менен биргеликте, Баткен областында интеллектуалдык менчик жана инновациялардын негиздери, инновациялык класстарды ачуу боюнча 3 атайын жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуулар В.И.Ленин атындагы орто мектебинде, Баткен областык гимназия жатак-мектебинде жана Баткен районундагы Т.Мурзапаров атындагы орто мектебинде өткөрүлүп, ага мугалимдер жана окуучулар катышты.
Спикер катары Кыргызпатенттин инновациялар жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Айсулуу Мустапакулова, Кыргыз-Түрк Манас университетинин профессору Мехмет Ариф Озербаш жана Технологияны трансферлөө бөлүмүнүн координатору Азамат Максудуновдор чыгып сүйлөштү.
Катышуучуларга интеллектуалдык менчиктин жана инновациялардын негиздери, мектептерде инновациялык класстарды ачуу жана анын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалыматтартар берилди. Мектеп мугалимдеринин ушул жаатта билимин жогорулатуу боюнча маектер уюштурулду.
16
Apr

Кыргызпатенттин кызматкерлери Боз-Бөлтөк тоосуна 600дөй көчөт отургузушту

Бүгүн, 16-апрелде Кыргызпатенттин кызматкерлери ишембилик өткөрүшүп, Боз-Бөлтөк тоосуна 600дөй көчөт отургузушту.
Ишембилик КРнын Перезиденти Садыр Жапаров тарабынан ишке киргизилген “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында өткөрүлдү. Бул демилге өлкөбүздү жашылдандырууга көмөктөшүп, климаттын өзгөрүшүн алдын алуу менен жарандардын көңүлүн жаратылышты сактоонун маанилүүлүгүнө бурат.
11
Apr

Евразия патенттик уюмунун Административдик Кеңешинин кыркынчы отуруму өткөрүлдү

Бүгүн, 11-апрелде Москва шаарында Евразия патенттик уюмунун (ЕАПУ) Административдик Кеңешинин кыркынчы (кезексиз он экинчи) отуруму өткөрүлдү.
Отурумга Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева, ошондой эле Армения, Азербайжан, Беларусь, Тажикстан, Түркмөнстан Республикаларынын, Россия Федерациясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышты.
Күн тартибинде патенттик алымдар, Евразия патенттик конвенциясына (ЕАПК) финансылык инструкцияларды актуалдаштыруу маселелери каралып, 2020, 2021-жылдарга карата отчеттор, 2022-жылга карата бюджеттин долбоору, ЕАПКга тиешелүү процедуралык маселелер угулду жана жактырылды.
Мындан сырткары, В.И. Блинников атындагы ойлоп табуучулук ишмердиктин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн талапкерлерди көрсөтүү маселеси да ортого салынды.
Кыргыз Республикасынын регионалдык семинарларды өткөрүү жана ЕАПУнун Административдик Кеңешинин ишмердигин уюштуруу боюнча финансылык-экономикалык демилгеси колдоого алынды.
Жыйынтыгында ЕАПКга мүчө мамлекеттеринин жана Россия мамлекеттик интеллектуалдык менчик академиясынын өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде, кызыкдар тараптардын квалификациясын жогорулатуу жана окутуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын натыйжалары алкоого алынды.
7
Apr

Кыргызпатенттин делегациясынын Түркия Республикасына болгон иш сапарынын жыйынтыктары

Кыргызпатенттин делегациясынын Түркия Республикасына болгон иш сапарынын жыйынтыктары

 

Кыргызпатенттин ведомствонун директору Рахат Керимбаева баштаган делегациясы 3-6-апрель күндөрү Түркия Республикасына иш сапары менен барды.

 

Иш сапардын жүрүшүндө бир топ жолугушуулар өткөрүлүп, төмөндөгү маселелер макулдашылды:

 

  1. 4-апрелде, Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаеванын Түркиянын кызматташтык жана координациялоо агенттигинин (ТИКА) президенти Серкан Каялар жана ТИКАнын вице-президенти Али Озгун менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

 

Тараптар STEAM билим берүү, аялдардын ойлоп табуучулугу жаатында, жалпы билим берүү мекемелериндеги инновациялык класстарды тахникалык жактан камсыздоо жана мектептердин мугалимдери үчүн атайын тренингдерди уюштуруу боюнча кызматташууну макулдашты.

 

  1. 4-апрелде, Кыргызпатенттин директору Түркиянын патенттик ведомствосунун президенти Джемиль Башпинарга жолукту.

 

Эки өлкөнүн патенттик ведомстволору өнөр жай менчигин коммерциалаштыруу, эксперттерди кадрдык жактан даярдоо, алардын тиешелүү квалификациялык деңгээлге жетүүсүн колдоо, географиялык көрсөткүчтөр, товардык белгилер жана товар чыгарылган жердин аталышы сыяктуу объектилер боюнча тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты.

 

Натыйжада дан келип түшкөн сунуштарды кароо жана ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын түзүү макулдашылды.

 

  1. 5-апрелде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда автордук укук жана чектеш укуктар жаатында өз ара түшүнүшүү тууралуу Меморандумун (2021-жылдын 9-июну, Анкара шаары) ишке ашыруунун алкагында Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева баштаган делегация Түркия Республикасынын маданият жана туризм министрлигинин автордук укук боюнча башкы башкармалыгына (Анкара шаары) визит менен барды. Делегацияны Түркиянын автордук укук боюнча башкы башкармалыгын башкы директору Зия Ташкент тосуп алды.

 

Жолугушуунун жыйынтыгында автордук укук жана чектеш укуктарды коргоо, креативдүү чөйрөнү өнүктүрүү, биргеликте конференцияларды, тегерек столдорду жана окутуу программаларын уюштурууну макулдашты.

 

  1. 5-апрелде, Рахат Керимбаева Түркиянын Президентинин Аппаратынын Адам ресурстары башкармалыгынын башчысы Неше Гулзен менен жолукту. Тараптар технопарктарды жана бизнес-инкубаторлорду түзүү чөйрөсүндө тажрыйба алмашууну уюштурууну макулдашты.

 

  1. 5-апрелде, Кыргызпатенттин жетекчиси Түркиянын чакан жана орто бизнести өнүктүрүү жана колдоо башкармалыгынын (KOSGEB) президенти Хасан Басри Курт менен жолугушуу өткөрдү.

 

KOSGEB уюму менен биргеликте интеллектуалдык менчик объектилерин өндүрүштө колдонуу жана технологияларды трансферлөө, инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу максатында эки тараптуу кызматташуу Меморандумуна кол коюуну, инновациялык инфратүзүмдөрдү өнүктүрүү жаатында эки тараптуу кызматташтыкты улантууну макулдашты.

 

  1. 6-апрелде Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева баштаган делегация Стамбул шаарында жайгашкан “Стамбул Технопаркы” жана “Түркия Технология Командасы” мекемеси менен таанышты.

 

Жолугушууларда жогоруда аталган мекемелер менен Кыргызстанда технопарктарды жана инновациялык борборлорду куруудагы тажрыйба алмашуу, инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча мындан аркы кызматташтыкты улантуу маселелери макулдашылды.

 

Кыргызпатенттин Түркия Республикасына болгон иш-сапары Түркиянын кызматташтык жана координациялоо агенттиги (ТИКА) тарабынан каржыланды.

 

5
Apr

Кыргызпатенттин делегациясы Түркиянын Президентинин Аппаратынын Адам ресурстары башкармалыгынын жана KOSGEB уюмунун башчылары менен жолукту

2022-жылдын 5-апрелинде Кыргызпатенттин делегациясынын Түркия Республикасынын болгон иш сапарынын алкагында ведомствонун директору Рахат Керимбаева Түркиянын Президентинин Аппаратынын Адам ресурстары башкармалыгынын башчысы Неше Гулзен жана Түркиянын чакан жана орто бизнести өнүктүрүү жана колдоо башкармалыгынын (KOSGEB) президенти Хасан Басри Курт менен жолугушууларды өткөрдү.

Адам ресурстары башкармалыгы менен болгон жолугушууда тараптар Кыргызстандын аймактарында технопарктарды, бизнес-инкубаторлорду ачуу жана ушул тармакта тажрыйба алмашуу жаатында кызматташтыкты улантуу маселелерин сүйлөштү.

Ал эми, KOSGEB уюму менен биргеликте интеллектуалдык менчик объектилерин өндүрүштө колдонуу жана технологияларды трансферлөө, инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу максатында эки тараптуу кызматташуу Меморандумуна кол коюуну, инновациялык инфратүзүмдөрдү өнүктүрүү жаатында эки тараптуу кызматташтыкты улантууну макулдашты.

5
Apr

Кыргызпатенттин делегация Түркиянын автордук укук боюнча башкы башкармалыгына визит менен барды

2022-жылдын 5-апрелинде Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева баштаган делегация Түркия Республикасынын маданият жана туризм министрлигинин автордук укук боюнча башкы башкармалыгына (Анкара шаары) визит менен барды.

Делегацияны Түркиянын автордук укук боюнча башкы башкармалыгын башкы директору Зия Ташкент тосуп алды.

Аталган визит Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда автордук укук жана чектеш укуктар жаатында өз ара түшүнүшүү тууралуу Меморандумун (2021-жылдын 9-июну, Анкара шаары) ишке ашыруунун алкагында уюштурулду.

Жолугушууда Кыргызпатенттин делегациясы Башкы башкармалыктын автордук укук жана чектеш укуктарды коргоо, аларды каттоо, чыгармаларды сертификациялоо тутуму, адистештирилген бирикмелердин ишмердиги, автордук укукту Интернет тарамдарында коргоо, авторлордун чыгармачылыгын шыктандыруу ишмердиги менен таанышты.

Мындан сырткары, тараптар эаталган ведомствонун креативдүү чөйрөнү өнүктүрүү жана окутуу тутумдары тууралуу маселелерди талкуулады.

Жыйынтыгында жогоруда көрсөтүлгөн багыттарда кызматташтыкты бекөмдөөнү, биргеликте конференцияларды, тегерек столдорду жана окутуу программаларын уюштурууну макулдашты.