Кыргызпатенттин ведомствонун директору Рахат Керимбаева баштаган делегациясы Түркия Республикасына иш сапары менен барды.
Бүгүн, 4-апрелде Анкара шаарында Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаеванын Түркиянын кызматташтык жана координациялоо агенттигинин (ТИКА) президенти Серкан Каялар жана ТИКАнын вице-президенти Али Озгун менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.
Тараптар интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты.
Жыйынтыгында тараптар STEAM билим берүү, аялдардын ойлоп табуучулугу жаатында, жалпы билим берүү мекемелериндеги инновациялык класстарды тахникалык жактан камсыздоо жана мектептердин мугалимдери үчүн атайын тренингдерди уюштуруу боюнча кызматташууну макулдашты.
Ушул эле күнү Кыргызпатенттин директору Түркиянын патенттик ведомствосунун президенти Джемиль Башпинарга жолукту.
Туркиянын патенттик ведомствосу менен өнөр жай менчигин коммерциалаштыруу, эксперттерди кадрдык жактан даярдоо, алардын тиешелүү квалификациялык деңгээлге жетүүсүн колдоо, географиялык көрсөткүчтөр, товардык белгилер жана товар чыгарылган жердин аталышы сыяктуу объектилер боюнча тажрыйба алмашуу маселелери талкууга алынды.
Натыйжада тараптардан келип түшкөн сунуштарды кароо жана ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын түзүү макулдашылды.
Мындан сырткары, Кыргызпатенттин делегациясы 5, 6-апрель күндөрү Анкара жана Стамбул шаарларында жайгашкан Түркиянын автордук укук, технологиялар жана инновациялар жаатындагы бир топ мекемелери менен жолугушууларды өткөрөт.
Бүгүн, 31-мартта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатент) директору Рахат Керимбаеванын жана Кыргыз Республикасындагы Сауд Аравия Королдугунун Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрахим Аль-Радинин эки тараптуу жолугушуусу өткөрүлдү.
Жолугушууда тараптар Кыргызпатент менен Саудиянын интеллектуалдык менчик боюнча ведомствосунун (SAIP) ортосундагы кызматташтык тууралуу талкуулашты.
Рахат Керимбаева Кыргызпатенттин интеллектуалдык менчикти жана инновациялар жаатындагы ишмердиги, ведомство тарабынан демилгеленип жаткан “40 райондон 40 демилге”, “Аймактарда инновациялык борборлорду ачуу”долбоорлору тууралуу айтып берди. Элчи мырзаны Кыргызпатенттин инновациялык борборуна келип кетүүгө чакырды.
Өз кезегинде, Элчи Ибрахим Аль-Ради Кыргызпатенттин чыгармачылыкты, илимди өнүктүрүүдө жана аймактагы таланттарды колдоодогу ишмердигинин маанилүүлүгүн белгилеп, интеллектуалдык менчик ведомстволорунун кызматташтыгы эки өлкөнүн байланышын бекемдөөгө зор салым кошооруна ишенерин билдирди.
Тараптар мындан аркы кызматташуу пландарын талкулоо үчүн бир нече жолугушууларды өткөрүүнү макулдашты.
Бүгүн, 30-мартта Кыргызпатент Кыргызстандын креативдүү индустриялар ассоциациясы жана «Тамчы Тасма» продакшн-студиясы менен бирге «Кино-шам» тематикалык пикир алмашуу (Нетворк) иш-чарасын өкөрдү.
Нетворкингдин максаты – креативдүү чыгармачыл чөйрөнү өнүктүрүү, киноиндустриядагы автордук укук жана чектеш укуктарды, товардык белгилерди каттоо, заманбап турмушта кыргыз тасмаларын өндүрүү боюнча коомчулуктун маалыматтуулугун жогорулатуу.
Тематикалык пикир алмашуу иш-чарасын Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева ачып берип, кыргыз кино тармагынын келечегине ишене тургандыгын билдирип, Кыргызпатент кино чөйрөсүн ар тараптан колдооого даяр экендигин билгиледи.
“Кино-Шам” иш-чарасына белгилүү маданий ишмерлер, режиссерлор жана кино актерлор катышып, Кыргыз Республикасындагы киноиндустриянын бүгүнкүсүн жана келечегин талкуулашты.
Кино чыгармачылыкка арналган иш-чара Кыргызпатенттин Инновациялык борборунда уюштурулду.
Бүгүн, 28-мартта Кыргызпатент тарабынан уюштурулган “Келечек жаратманы” жогорку класстын окуучулары үчүн интеллектуалдык менчик боюнча республикалык олимпиадасына келип түшкөн өтүнмөлөрдү кароо боюнча калыстар тобунун биринчи онлайн отуруму болуп өттү.
Олимпиаданын максаты – балдардын чыгармачылыгын колдоо, өнүктүрүү, өбөлгө түзүү жана интеллектуалдык менчик маселелерине кызыгуусун арттыруу.
Калыстар тобунун курамы 11 кишиден турат жана ага белгилүү ойлоп табуучулар, окумуштуулар, профессорлор, жеке компаниянын өкүлдөрү жана Кыргызпатенттин кызматкерлери кирет.
Отурумду Кыргызпатенттин директору Р. Керимбаева ачып берип, мыкты адистерден турган калыстар тобу ар бир студенттин билимин жана жөндөмдүүлүгүн эске алуу менен келип түшкөн арыздарга баа берерине ишенимин билдирди. Мындан сырткары, балдар жана жаштардын ойлоп табуучулугун өнүктүрүү максатында ведомство тарабынан демилгеленип жаткан “Аймактык мектептерге коомдук башталыштагы илимий жетекчилерди дайындоо” долбоору тууралуу айтып, калыстар тобунун мүчөлөрүн бул демилгени колдоого чакырды.
Отурумда калыстар тобу мектеп окуучуларынын “Ойлоп табуулар” жана “Видеоролик” багыттары боюнча келип түшкөн эмгектерин кароого алып, финалдык бөлүккө мыкты долбоорлорду тандап алышты. Олимпиаданын финалын 14-15-апрель күндөрү өткөрүү чечими кабыл алынды.
Ал эми олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө Бүткүл дүйнөлүк жана Улуттук интеллектуалдык менчик күнүнө карата өткөрүлүүчү иш-чарада сыйлыктар тапшырылат.
Маалымат иретинде:
Олимпиадага катышуу үчүн 300дөн ашык өтүнмө келип түшкөн. Анын ичинен Катчылык тарабынан Жобонун талабына жооп бербеген 127 өтүнмө четтетилип, 173 өтүнмө тандалып алынган:
– “Ойлоп табуулар” багыты боюнча 135 долбоор;
– “Видеоролик” багыты боюнча 38 долбоор.
Аймактар боюнча өтүнмөлөрдү бөлүштүргөндө:
Бишкек шаары – 8
Ош шаары – 4
Ош областы – 50
Жалал-Абад областы – 30
Ысык-Көл областы – 36
Чүй областы – 17
Баткен областы – 9
Талас областы – 12
Нарын областы – 7.
Бүгүн, 25-мартта Кыргызпатент интеллектуалдык менчик объектилерин коргоо жана Кыргызпатенттин инновациялык ишмердиги боюнча 2 коноктук лекция өткөрдү.
Лекцияга Борбордук Азиядагы эл аралык университетинин (БАЭУ) (анын ичинде БАЭУнун колледжи) жана Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин студенттери, жалпысынан 83 киши катышты.
Окутуунун максаты – студенттерге интеллектуалдык менчиктин негиздери жана инновациялык ишмердик боюнча тиешелүү маалыматтарды берүү.
Кыргызпатенттин адистери толук көлөмдө интеллектуалдык менчик объектилери, аны укуктук коргоо, каттоо жана корго документин алуу, мындан сырткары, инновациялык система жана Кыргызпатенттин интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду боюнча баяндамаларды жасашты.
БАЭУнун студенттери үчүн атайын Кыргызпатенттин инновациялык борборуна экскурсия уюштурулду.
Бүгүн, 18-марта Кыргызпатент Эл аралык инновациялык технологиялар университетинин “Экономика жана менеджмент” факультетинин 3,4-курстарынын студенттери үчүн “Интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук коргоо. Кыргызпатенттин инновациялык ишмердиги” аталышында коноктук лекция өткөрдү.
Коноктук лециянын максаты – интеллектуалдык менчик системасы жана негиздери, аны укуктук коргоо жана сактоо боюнча маалымат берүү, Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүү.
Кыргызпатенттин адистери интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатында презентация жасашты. Лекциянын катышуучулары активдүү түрдө талкууга катышып, өздөрү кызыккан суроолорго жооп алышты.
Жыйынтыгында окуу жайдын жетекчилиги Кыргызпатенттин жетекчилигине жана эксперттерине кызыктуу лекциялар үчүн ыраазычылык айтышып, кызматташууну мындан ары улантууга даяр экендигин билдирди.