Escort Lyon

Жаңылыктар

18
Jan

Кыргызпатентте интеллектуалдык менчиктин жана инновациялардын абалын жана аларды өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты

2017-жылдын 18-январында Кыргызпатентте «Интеллектуалдык менчиктин жана инновациялардын абалы жана аларды өнүктүрүүнүн келечеги жөнүндө” деген темада семинар-тренинг өттү. Иш-чара Эстония интеллектуалдык менчик жана технологияларды өткөрүп берүү борбору (EIPTTC) менен биргелешип уюштурулган.

Семинар-тренингдин ишине EIPTTC, Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, ведомстволорунун жана ЖОЖдорунун өкүлдөрү жана Кыргызпатенттин кызматкерлери катышты.

Кыргызпатент менен Эстония тараптын кызматташуусу жыл сайын өркүндөөдө жана адам ресурстарын өнүктүрүү, интеллектуалдык менчик менеджменти жаатындагы билимди жогорулатуу жана интеллектуалдык менчик рыногун өнүктүрүү менен кошо, интеллектуалдык менчиктин бардык чөйрөсүндөгү мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу маселелерин камтыйт. Эстония инновациялардын индекси боюнча өлкөлөрдүн рейтингинде жетишерлик жогорку орунду ээлеп тургандыгын белгилеп кетүү керек жана биргелешип өткөрүп жаткан семинардын натыйжасында Кыргызпатент инновациялык системаны өнүктүрүүдө алдыңкы технологияларды колдонуу тажрыйбасын үйрөнүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Катышуучуларга Кыргызпатенттин төрагасы Досалы Эсеналиев жана EIPTTCтин башкы директору Мариус Кунингас чыгып сүйлөштү. Алар экономиканы өнүктүрүүдө интеллектуалдык менчиктин ролу жөнүндө маалымат берүүнүн жана ушул чөйрөдөгү билимди жогорулатуу зарыл экендигин белгилешти.

«Ойлоп табууларды пайдалануу, аларды инновациялар статусуна өткөрүү көйгөйү, чыгармачылык иштердин прогрессивдүү натыйжалары өтө маанилүү. Инновациялык менеджментти өнүктүрүү өзгөчө актуалдуулукка ээ болду» – деп сүйлөдү Досалы Эсеналиев.

«1000 идеянын ичинен 100дү гана ишке ашырууга болот, анын ичинен10 коммерциялаштырылат жана бирөө гана ийгиликтүү болот!» – деп өз баяндамасында баса белгиледи Мариус Кунингас. Ал ошондой эле «шамал энергиясынын генератору» – эстония ойлоп табууларынын ичинен эң ийгликтүү ойлоп табуусу экендигин белгиледи, анткени ал бүткүл дүйнөдө суроо-талапка ээ болду. Тез инновациялык өнүгүүнү күтүүдө дайыма эле ишенич акталбайт, бул системаны туура тандоого байланыштуу, анткени тигил же бул өлкө ушул жол менен өнүгүүгө багыт алат. «Эстония системасы 2010-жылы эле инновациялардан Эстониянын ИДПсынын жалпы фондунан 2%га жогорулатууну болжоштурган, бирок 2015-жылы бул көрсөткүч 1,5% гана болгон», – деп белгиледи ал.

EIPTTCтин маркетинг боюнча адиси Мартин Хансон Эстониянын технологиялар трансфери боюнча технопарктардын, илимий парктардын, инкубаторлордун, офистердин ишинин серебин баяндады.

Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчиктин жана инновациялардын абалы жана аларды өнүктүрүүнүн келечеги жөнүндө Кыргызпатенттин Инновациялар жана стратегиялык өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги Өскөнбай Козубаев баяндады. Ал Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчик системасын өнүктүрүү тарыхы тууралуу айтып берди жана анын максаты болуп интеллектуалдык менчик системасын жана инновациялык ишти өркүндөтүү аркылуу экономиканы өнүктүрүүгө көмөктөшүү саналарын белгилеп кетти.

Маалымдама:

EIPTTC – интеллектуалдык менчик жаатында кызмат көрсөтүүчү жана изилдөөлөрдү жүргүзүүчү жана технологияларды өткөрүп берүү менен иш алып баруучу коммерциялык эмес Эстония бирикмеси болуп санат.

17
Jan

Кыргызпатенттин жамааты авиакырсыктын кесепетинен жабыркагандарга бир күндүк эмгек акысын которуп берүүнү чечти

Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен  «Боинг 747» жүк ташуучу учагынын авиакырсыкка учурашынын кесепетинен каза болгондор боюнча 2017-жылдын 17-январын Кыргыз Республикасында аза күтүү күнү деп жарыяланышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын имаратында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу түшүрүлдү.

Кыргызпатенттин кызматкерлери авиакырсыктын кесепетинен каза болгондордун элесин мүнөттүк жымжырттык менен эскеришип, үй-бүлөлөрүнүн, туугандарынын жана жакындарынын кайгысын тең бөлүшөрүн билдиришти. Чогулушта коллектив бир күндүк эмгек акыларын жардам катары которуп берүүнү чечишти.

16
Jan

Кыргызпатентте интеллектуалдык менчиктин жана инновациялардын абалын жана аны өнүктүрүүнүн көрүнүшүн талкуулашат

2017-жылдын 18-январында Кыргызпатенттин конференц-залында «Интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн абалы жана келечеги жөнүндө» темасындагы семинар-тренинг болуп өтөт.

Семинар-тренингдин максаты интеллектуалдык менчикти өнүктүрүү жаатында тажрыйба алмашуу, интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды жаратуунун негиздери жөнүндө ЖОЖдордун, министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрүнүн маалыматтуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Семинарда Эстон интеллектуалдык менчик жана технологияларды өткөрүү борборунун (EIPTTC) адистеринин бетачарлары сунушталат. Эстон инновацияларынын тутуму жана стартаптары каралмакчы, технологиялардын трансферинин маселелери талкууланмакчы.

Семинар-тренингге КРнын министрликтеринин, ведомстволорунун, ЖОЖдорунун өкүлдөрү, Кыргызпатенттин адистери катышмакчы.

Дареги: Бишкек шаары, Москва көчөсү,62, Кыргызпатенттин конференц-залы

Өткөрүү убактысы: саат 10:00-16:00 чейин

Маалыматтарды 68-07-90, 0772515121 телефондору боюнча Кыргызпатенттин басма-сөз катчысы Гүлбара Кудайбердиевадан алууга болот

16
Jan

Кыргызпатент тарабынан “Интеллектуалдык менчик” расмий бюллетенинин декабрь айындагы номери басмадан чыкты.

Ай сайын басма ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер, товардык белгилер, программалык продуктулар, көрсөткүчтөр, кабарлоолор жана расмий билдирүүлөр боюнча бөлүктөрдү өзүнө камтыйт.

Бул чыгарылышта Кыргыз Республикасынын ойлоп табуулардын мамлекеттик реестринде катталган ойлоп табуулар жөнүндө маалыматтар кирген. Адамдын турмуштук керектөөлөрүн канааттандыруу бөлүгүнө кыргыз окумуштууларынын ойлоп табуулары кирди: Күндүн УФ-нурлануусунан коргоочу түзүлүш, Жамбаш-сан муунунун капсуласын артротомиялоо ыкмасы, Аялдарда сексуалдык-дизуриялык бузулууларды хирургиялык дарылоо ыкмасы, Тубаса жана кийин пайда болгон майтамандыктын залалдарынан тамандын формасынын бузулушун хирургиялык дарылоо ыкмасы, Экспериментте онкологиялык ооруларды дарылоонун ыкмасы. Ар түрдүү технологиялык процесстер; ташуу бөлүгүндө Шахтанын көтөрмө орнотмосунун көтөргүч машинасы жазылган. Химия; металлургия бөлүгүндө Гипс композициясы, Сымап чийки затын гидрометаллургиялык кайра иштетүүнүн ыкмасы көрсөтүлгөн.

Журналда Суу өлчөгүч курулма, термопанель пайдалуу моделдери менен таанышса болот.

Чыгарылышта Кыргыз Республикасынын Товардык белгилеринин жана тейлөө белгилеринин мамлекеттик реестринде катталган товардык белгилер жана тейлөө белгилери жөнүндө маалыматтары бар. Аларга 42 ата-мекендик жана чет элдик товардык белгилери жана тейлөө белгилери кирген.

Андан сырткары Кыргыз Республикасынын ЭЭМ үчүн программаларынын, маалымат базаларынын жана интегралдык микросхемалардын топологияларынын мамлекеттик реестрлеринде катталган программалык продуктулар жөнүндө маалыматтарын камтыйт: Табият чөйрөсүнүн параметрлерин мониторингдөөнүн автоматташтырылган тутумунун аралыктагы операторунун колдонмо программалык камсыздоосу, Табият чөйрөсүнүн параметрлерин мониторингдөө тутумунун контролдук-өлчөөчү станциясын башкаруунун программалык-алгоритмдик каражаттары, Табият чөйрөсүнүн параметрлерин мониторингдөө тутумунун базалык станциясын башкаруунун программалык-алгоритмдик каражаттары, Табият чөйрөсүнүн параметрлерин мониторингдөө тутумунун сенсордук модулдарын башкаруунун программалык-алгоритмдик каражаттары, Аэрокосмостук сүрөттөрдү алдын ала иштеп чыгуу программасы, IOS жана Android программалык камсыздоосуна 7 Clicks (Seven Clicks) мобилдик тиркемеси, “UMAI” төлөм тутуму (анын ичинде “UMAI” электрондук капчыгы), Табият чөйрөсүнүн параметрлерин мониторингдөө тутуму үчүн антивандалдык чакан тутумду башкаруунун программалык-алгоритмдик каражаты, ЖОЖдун рейтингин аныктоо боюнча программалык камсыздоо.

“Интеллектуалдык менчик” расмий журналы шилтемеде

13
Jan

Состоялась встреча председателя Кыргызпатента с представителями Посольства Эстонии в Кыргызстане

2016-жылдын 13-январында Кыргызпатенттин төрагасы Досалы Эсеналиев Казакстандагы, Кыргызстандагы, Тажикстандагы жана Түркменстандагы Эстон Элчилигинин өкүлдөрү Эркки Вейсман жана Кальви Ноормяги менен жолугушту.

Досалы Эсеналиев бул жолугушуу эки өлкөнүн ортосунда интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатында кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө түрткү берерин баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө интеллектуалдык менчик жаатында эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Кыргызпатент 2015-жылдан бери Эстон интеллектуалдык менчик жана технологиялар борбору менен активдүү иш алып барууда. Патенттик уюмдардын ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлган, анын алкагында жакынкы убакытта “Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчик жана инновацияларды өнүктүрүүнүн абалы жана келечеги”, “Ойлоп табуучулукту активдештирүүдө ИМБДУнун ролу: Эстониянын тажрыйбасы” темасындагы семинарларды өткөрүү пландалууда.

Өз учурунда Эркки Вейсман Кыргызпатент менен кызматташууну тереңдетүүдө Эстон Элчилиги тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүү даярдыгын билдирди.

Тараптар эки өлкөнүн ар тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө, анын ичинде интеллектуалдык менчик чөйрөсүн бекемдөө жана илгерилетүү иштерине кубаттоолорун билдиришти.

12
Jan

Кыргызпатеттин кызматкерлери Кыргызстандын ири машинакуруучу ишканасында болушту

2017-жылдын 11-январында “Автомаш-Радиатор” заводунун башкы директорунун кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер З.Х. Фуксмандын чакыруусу менен Кыргызпатенттин инновациялар жана стратегиялык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Ө. Козубаев жана инновация бөлүмүнүн адиси Н. Асанбеков заводдун ишмердиги менен таанышып келишти.

“Кыргызавтомаш” АКму машина куруу тармагындагы ири ишкана. Анда 560 киши эмгектенет. Заводдо 1987-жылы түзүлгөн ири инженердик техникалык борбор азыр да үзүрлүү иштеп келе жатат. Быйыл завод өзүнүн 70 жылдыгын белгилейт.

Азыр заводдо 200дөн ашуун аталыштагы жез жана латундан автомобильдер жана тракторлор үчүн жасалган радиоаторлор өндүрүлөт. Алардын 98% Россияга, Белоруссияга, Казакстанга ж.б. өлкөлөргө жөнөтүлөт. Азыр завод Россиянын 15, Белоруссиянын 8, Кытайдын 8 заводдору менен өнөктөштүк иш алып барат. Инновациялык жана жаңы өндүрүштүк технологиялык изденүүлөрдүн натыйжасында өндүрүлгөн радиаторлор Кыргызстандын 6, Россиянын 6 патенти менен корголгон.

2009-жылдан тартып Nocolok (Ноколок) технологиясы боюнча алюминийден жасалган радиаторлор чыгарыла баштагандыгына байланыштуу өндүрүштүн көлөмү жана радиаторлордун сапаты жогорулады. Азыр алюминий радиаторлордун 100 ашуун үлгүсү автомобильдерди жана айыл чарба техникаларын чыгарган “Минск автомобиль заводу – МАЗ”, “Минск трактор заводу – МТЗ”, “Челябинск трактор заводу – ЧТЗ”, “Ярославль мотор чыгаруучу заводу – Автодизель” ж.б. көптөгөн ири ишканаларга жөнөтүлөт.

Заводдо ушул күндө да сапаттуу иштеп жаткан советтик станоктор менен катар «Voss», «Sellacan Industrieofen GmbH», «Linde» ж.б. дүйнөдөгү белгилүү фирмалардын станоктору иштетилүүдө.

Заводдун техникалык директору Ю.Н. Владимиров инновациялык изденүүлөр бир гана өндүрүш процессинде эмес, эмгекти уюштуруу жана өндүрүштү башкаруу жаатында да тынымсыз жүрүп тургандыгын баса белгиледи. Алар туура тандоо, тартип, тазалык, туура стандартташтыруу, тынымсыз илгерилөө сыяктуу 5Т принцибине таянып жүргүзүлөт.

Заводдун ар айлык финансылык жүгүртүүсү 1,2 млн. АКШ долларын түзөт. Завод жылына 176,0 млн. сомду салык катары мамлекеттик бюджетке төгөт. Жолугушууда З.Х. Фуксман интеллектуалдык менчик объектилерин баалоо боюнча ишти илгерилетүү жана патенттерди күчүндө кармоо сыяктуу маселелерди да көтөрдү.

11
Jan

ИМБДУнун Алтын медалын алууга С. Бактыгуловдун талапкерлиги көрсөтүлдү

Бүгүн Кыргызпатентке караштуу Авторлор кеңешинин жана Чектеш укуктар ээлеринин кеңешинин президиумунун жыйынында президиумдун мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен Сталбек Бактыгуловдун кандидатурасы ИМБДУнун Алтын медалын алууга көрсөтүлдү.

Отурумдун жүрүшүндө авторлордун жана укук ээлеринин мүлктүк укуктарын жааматтык башкарууну өнүктүрүү маселелери талкууланды, ушул жааттагы чет өлкөлүк автордук уюмдар менен мындан ары кызматташууну караштыруу маселелери сунушталды.

Мындан сырткары Кыргызпатент 2016-жылы ушул тармакта аткарылган иштери жөнүндө отчет берди. 2016-жылы автордук сый акыны чогултуу 6,7 %га көтөрүлүп, 10620198,02 сомду түздү, 2015-жылы ушул эле мезгилге 9954405,43 сомду түзгөндүгүн белгилеп кетүүгө болот.

Отурумда чыгарманы эл алдында аткарууда авторлордун жана композиторлордун аты-жөнүн көрсөтүү маселелерин иштеп чыгуу сунушталды. Ошондой эле гонорарларды авторлордун жана аткаруучулардын ортосунда туура бөлүштүрүү маселеси жөнүндө сөз болду.

10
Jan

Кыргызпатентке караштуу Авторлор кеңешинин жана Чектеш укуктар ээлеринин кеңешинин президиумдарынын жыйыны болуп өтөт

2017-жылдын 11-январында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) конференц-залында Кыргызпатентке караштуу Авторлор кеңешинин жана Чектеш укуктар ээлеринин кеңешинин президиумдарынын биргелешкен жыйыны болуп өтмөкчү. Жыйындын күн тартибинде эки маселе каралат:

  1. Авторлордун жана укук ээлеринин мүлктүк укуктарын жааматтык башкаруу чөйрөсүндө Кыргызпатенттин 2016-жылы аткарган иши тууралуу отчету.
  2. Чыгармачылыктагы жетишкендиги үчүн ИМБДУнун Алтын медалына талапкерлерди тандоо (ИМБДУнун Алтын медалы чыгармачылык, ойлоп табуучулук жана инновациялык ишмердикти шыктандыруу максатында түзүлгөн атайын сыйлык болуп саналат)

Президиумдардын мүчөлөрү болуп көрүнүктүү авторлор, укук ээлери, аткаруучулар, телерадиокомпаниялардын жана театрлардын өкүлдөрү саналат.

Бул жылы ИМБДУнун Алтын медалына ар кайсы уюмдардан үч талапкер көрсөтүлгөн: композитор Сталбек Бактыгулов, жазуучу Кален Сыдыкова жана актер, режиссер Жолдош Эркимбаев.

Дареги: Бишкек шаары, Москва көчөсү 62, саат 11-00

4
Jan

Кант заводунун калдыктарынан сорбент алуу ыкмасы

Кыргыз окумуштуулары Чериков С. Т., Баканов К. Т., Баткибекова М. Б., Омурзакова А. Б. кант заводунун калдыктарынан сорбент алуу ыкмасын ойлоп табышты.  Ал ысытып иштетүүнү камтып, мунусу менен айырмаланат: 75-80 % СаСО3 жана 20-25 % органикалык жана минералдык кант эместерди камтыган кант заводунун жаңы пайда болгон чыпкаланган тунмаларын 430-450 °С температурада 14-17 мүнөт бою аба киргизбестен иштетишет.