Тарыхы
Кыргызстанда автордук укук жана чектеш укуктардын өнүгүү тарыхы 1973-жылы Бүткүл Союздук автордук укук боюнча агенттигинин кыргыз бөлүмүнүн ачылышы менен башталган. Автордук укук коргоо маселелери мыйзамдык жактан ал убакта бүткүл союздук мыйзамдардын негизинде жөнгө салынып турган. Автордук укукту коргоо маселелерин мыйзамдык жөнгө салуу Министрлер Советинин токтому же союздук республикалар чыгарган республикалык мыйзамдарынын негизинде жалпы союздук мыйзамдардын ченемдери менен жүзөгө ашырылган.
Ошол учурдагы мыйзамдарга ылайык, авторлорго, алардын чыгармаларына карата мүлктүк эмес автордук укуктары, башкача айтканда, атына болгон укугу, авторлугуна болгон укугу гана сакталып калып, ал эми чыгарманы колдонуу боюнча башка укуктары мамлекет тарабынан жөнгө салынып турган.
Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк алышы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Автордук укук жана чектеш укуктарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиги Бүткүл Союздук автордук укук боюнча агенттигинин кыргыз бөлүмүнүн укук мураскери болуп калган. 1996-жылы анын функциялары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик агенттигине (Кыргызпатент) өткөрүп берилген. Азыркы учурда Өкмөттүн жаңы түзүмү бекитилгенден кийин аткаруу бийлигинин түзүмүнө кирген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы деп аталат.
Кыргыз Республикасынын “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө” мыйзамына ылайык, башка мамлекеттердеги мыйзамдар сыяктуу эле, авторго чыгармаларын колдонуунун ар бир түрү үчүн автордук сый акы алуу укугу таандык экендигин белгилөө маанилүү. Чыгарманы колдонуунун ар кандай түрү үчүн автордук сый акыны эсептөөнүн өлчөмү жана тартиби автордук келишимде, ошондой эле авторлордун мүлктүк укуктарын жамааттык башкаруу уюмдарынын келишимдеринде белгиленет.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында укук ээлери менен алардын мүлктүк укуктарын башкаруу укуктарын өткөрүп берүү жөнүндө түзүлгөн келишимдин негизинде коомдук уюм түзүлгөнгө чейин, “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө” Мыйзамга ылайык авторлордун укуктарын жамааттык негизде башкаруу, уюштуруу функцияларын мамлекеттик мекеме – Кыргызпатент аткарууда.
Авторлордун жана укук ээлеринин мүлктүк укуктарын жамааттык башкаруу маселелери менен Кыргызпатенттин түзүмдүк бөлүмдөрү болуп саналган инспектирлөө бөлүмү жана автордук укук сектору жүзөгө ашырат. Инспектирлөө бөлүмүнүн негизги милдети болуп автордук сый акыны чогултуу жана бөлүштүрүү болуп саналат. Чогултулган сый акылар толугу менен авторлорго жана укук ээлерине бөлүштүрүлүп төлөнүп берилет.
Бул бөлүмдөрдүн негизги функцияларынан болуп, автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалануу укугуна лицензиялык келишимдерди түзүү жана автордук сый акылардын өлчөмүн макулдашуу; автордук сый акыларды чогултуу жана бөлүштүрүү ж.б. саналат.
Азыркы учурда Кыргызпатентте 500дөн ашуун авторлор жана укук ээлери менен мүлктүк укуктарын башкарууга ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү жөнүндө келишимдер бар.
Кыргызпатент менен колдонуучулардын ортосунда түзүлгөн автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалануу укугуна лицензиялык келишимдер автордук укук ээлеринин баарынын, анын ичинде өзүнүн укуктарын өткөрүп бербегендердин атынан берилет. Ошону менен бирге чыгармаларды мындай лицензиялык келишимсиз колдонуу автордук укук жана чектеш укуктар чөйрөсүндө мыйзамдарды бузууга жатарын белгилөөгө туура келет.
Азыркы учурда Кыргызпатент тарабынан театр, телерадиокомпаниялар, концерттик иш-чараларды уюштуруучулар, коомдук тамактануу жайлары (кафе, бар, ресторандар ж.б.) сыяктуу автордук сый акы төлөөчүлөр менен лицензиялык келишимдер түзүлүп жана сый акылар чогултулууда.

2004-жылы Кыргызпатенттин демилгеси менен биринчи жолу Авторлордун жана чектеш укук ээлеринин жалпы кеңеши өткөрүлүп, ага өлкөнүн 300гө жакын авторлору, аткаруучулары жана башка укук ээлери катышкан. Бул Кеңеште Авторлор кеңешинин жана Чектеш укук ээлеринин кеңешинин Кыргызпатенттин алдындагы жумушчу Президиумдарын түзүү чечими кабыл алынган. Жалпы Кеңештин мүчөлөрүнүн ачык добуш берүүсү менен Кыргызпатенттин жетекчиси баш болгон Кеңештердин Президиумдарынын мүчөлөрү шайланган. Президиумдардын курамына белгилүү авторлор, композиторлор, аткаруучулар жана телерадиокомпаниялар менен фонограмма чыгаруучулардын өкүлдөрү кирген. Бул чогулуштун чечими менен Президиум бир жылда бир жолудан кем эмес чогулары жана Кыргызпатенттин автордук укук, чектеш укуктар жана жамааттык башкаруу чөйрөсүндөгү иштери тууралуу отчетторун угуусу каралган. Ушул күнгө чейин бул Президиумдар ийгиликтүү иштеп келе жатат. Алардын иштеринин алкагында бир нече ченемдик укуктук актылар каралып чыккан.
Андан тышкары Президиумдар тарабынан ИМБДУнун чыгармачылыкка салымы үчүн Алтын медалына талапкерлер жыл сайын сунушталып келе жатат. 2004-жылдан бери ИМБДУнун алтын медалдарын төмөндөгүлөр алышкан:
- Чингиз Айтматов
- Эсенгул Ибраев
- Тургунбай Садыков
- Самара Токтахунова
- Сооронбай Жусуев
- Тологон Касымбеков
- Мурат Бегалиев
- Омор Султанов
- Таалай Курманов
- Сардарбек Жумалиев
- Майрамкан Абылкасымова
- Каримберди Турапов
- Джалил Садыков
- Замирбек Усенбаев
- Суюнбай Эралиев
- Бактыбек Алишеров
- Бактыбек Шатенов
- Уркаш Мамбеталиев
- Тологон Мамеев
- Аалы Туткучев
2012-жылдын октябрь айында Авторлордун жана чектеш укук ээлеринин кезектеги жалпы Кеңеши болуп өттү, анда Кыргызпатенттин 2005–2012-жылдар аралыгындагы автордук укук жана чектеш укуктар чөйрөсүндөгү иштеринин отчету угулуп жана бир добуштан колдоого алынды. Ошондой эле бул чогулушта Авторлор кеңешинин Президиумунун жаңы курамы шайланды.
