Escort Lyon

Жалпы маалымат

Өнөр жай үлгүсү деген эмне?

Өнөр жай үлгүсү деп буюмдун декоративдик, жасалга же эстетикалык аспектисин (дизайнын) түшүнүү керек. Буюмдар деп өнөр жайлык же кол өнөрчүлүк өндүрүштүн ар түрдүү предметтерин – техникалык жабдууларды жана транспорттук каражаттарды, кездемелерди жана кийимдердин моделдерин, зергер буюмдарын жана оюнчуктарды, таңгактарды жана эмеректерди, идиш жана тамак-аш продуктуларын, графикалык символдорду жана типографиялык шрифттердин үлгүлөрүн түшүнүү керек. Өнөр жай үлгүлөрүнүн эл аралык классификациясы буюмдардын 6600дөн ашуун аталыштарын камтыйт.

ӨҮ көлөмдүү (буюмдун формасы), жалпак (сүрөттөр, түстүк жасалга) болушу же алардын айкалышынан турушу мүмкүн ( айкалыштырылган ӨҮ). Жалпак ӨҮлөрдүн мисалдары килемдин, жоолуктун, кездеменин ж.б. тышкы көрүнүшүн аныктоочу чечим, айкалыштырылган – сүрөт түшүрүлгөн идиш, таңгак кутусу болушу мүмкүн.

Төмөнкүлөр ӨҮ деп таанылбайт: буюмдун техникалык милдети менен гана шартталган чечимдер, архитектура объектилери, ушул сыяктуу басма продукциясы, туруксуз формадагы объектилер, коомдук кызыкчылыктарга абийирге каршы келүүчү буюмдар.