Escort Lyon

Көпчүлүк учурда берилүүчү суроолор

Көпчүлүк учурда берилүүчү суроолор

Онөр жай үлгүсүнө патент деген эмне?

Патент – бул интеллектуалдык менчик объектилерине кирүүчү өнөр жай үлгүсүн (ӨҮ) пайдаланууга анын ээсинин артыкчылыгын, авторлугун жана монополиялык, өзгөчө укугун тастыктоочу коргоо документи.

Патент эмне үчүн керек?

Патент үчүнчү жактар тарабынан үлгүнү санкцияланбаган көчүрмөлөөдөн же окшоштуруп жасоодон коргоого өзгөчө укуктарды алуу үчүн керек. Патент товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр базарында олуттуу жана көпкө чейин иштөөгө ниеттенген ишкерге керек. Өнөр жай үлгүсүн коргоо анын продукциясынын базарын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт жана салынган капиталга акыйкат пайда алууга жардам берет.Өнөр жай үлгүлөрүн патенттөө керектөөчүгө жана бүтүндөй коомго пайдалуу, анткени ӨҮнү коргоо ак ниет атаандаштыкка жана иштиктүү практикага алып келет, чыгармачылыкты шыктандырат жана ошентип эстетикалык жагымдуу жана ар түрдүү буюмдарды чыгарууга алып келет, өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүгүн жогорулатат.

Онөр жай үлгүсү деген эмне?

Өнөр жай үлгүсү деп буюмдун декоративдик, жасалга же эстетикалык аспектисин (дизайнын) түшүнүү керек. Буюмдар деп өнөр жайлык же кол өнөрчүлүк өндүрүштүн ар түрдүү предметтерин – техникалык жабдууларды жана транспорттук каражаттарды, кездемелерди жана кийимдердин моделдерин, зергер буюмдарын жана оюнчуктарды, таңгактарды жана эмеректерди, идиш жана тамак-аш продуктуларын, графикалык символдорду жана типографиялык шрифттердин үлгүлөрүн түшүнүү керек. Өнөр жай үлгүлөрүнүн эл аралык классификациясы буюмдардын 6600дөн ашуун аталыштарын камтыйт.ӨҮ көлөмдүү (буюмдун формасы), жалпак (сүрөттөр, түстүк жасалга) болушу же алардын айкалышынан турушу мүмкүн ( айкалыштырылган ӨҮ). Жалпак ӨҮлөрдүн мисалдары килемдин, жоолуктун, кездеменин ж.б. тышкы көрүнүшүн аныктоочу чечим, айкалыштырылган – сүрөт түшүрүлгөн идиш, таңгак кутусу болушу мүмкүн.

Төмөнкүлөр ӨҮ деп таанылбайт: буюмдун техникалык милдети менен гана шартталган чечимдер, архитектура объектилери, ушул сыяктуу басма продукциясы, туруксуз формадагы объектилер, коомдук кызыкчылыктарга абийирге каршы келүүчү буюмдар.

Кандай шарттарда ӨҮ катарында укуктук коргоо берилет?

Эгерде ал жаңы жана оригиналдуу болуп эсептелсе, мындай учурда көркөм-конструктордук чечимге ӨҮ катарында укуктук коргоо берилет.Эгерде буюмдун сүрөттөлүшүндө көрсөтүлгөн жана маанилүү белгилеринин тизмесинде келтирилген анын маанилүү белгилеринин жыйындысы артыкчылык датасына чейин дүйнөдө таанымал болгон маалыматтардын ичинен белгисиз болсо, өнөр жай үлгүсү жаңы деп таанылат.

Эгерде анын маанилүү белгилери буюмдун өзгөчөлүктөрүнүн чыгармачыл мүнөзүн шарттаса, ӨҮ оригиналдуу деп таанылат.

Онөр жай үлгүсүн коргоонун мөөнөтү кандай?

Өнөр жай үлгүсүнө патент КРнын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматына (мындан ары – Кыргызпатент) өтүнмө берилген күндөн эсептегенде Кыргыз Республикасынын аймагында 5 жылга узартуу мүмкүндүгү менен, 10 жыл ичинде күчүндө болот.Көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде патентти күчүндө кармап туруу үчүн патенттин аракеттенүүсүнүн үчүнчү жылынан баштап жыл сайын алым төлөп туруу керектигин эске тутуу зарыл. Алым төлөөнүн өлчөмү жана мөөнөттөрү Алымдар жөнүндө жободо белгиленген.

Онөр жай үлгүсүнө укукту кантип тариздөө керек?

Өнөр жай үлгүсүнө укуктарды алуу үчүн кайрылууда зарыл болгон документтердин топтому өтүнмө деп аталат.Өнөр жай үлгүсүнө өтүнмө Кыргызпатентке коргоо документин алууга укугу бар жак – өнөр жай үлгүсүнүн автору, жумуш берүүчү же алардын укук мураскери тарабынан берилет. Өтүнмө Кыргызпатентке өтүнмө ээси тарабынан түздөн-түз, же патенттик ишенимдүү өкүл тарабынан берилиши мүмкүн.

Өтүнмө бир өнөр жай үлгүсүнө тиешелүү болууга тийиш жана анын варианттарын (ӨҮнүн биримдигинин талабы) камтышы мүмкүн.

ӨҮгө өтүнмөнүн курамы:

– ӨҮнүн авторлорун же алардын атына патент суралган жактарды, алардын жашаган жерлерин көрсөтүү менен, патент берүүгө арыз;

– буюмдун тышкы көрүнүшү жөнүндө толук элес берүүчү, буюмдун сүрөттөлүштөрүнүн топтому;

– буюмдун жалпы көрүнүшүнүн чиймеси, эргономикалык схемасы, конфекциялык картасы, эгерде алар ӨҮнүн маңызын ачуу үчүн зарыл болсо;

– ӨҮнүн сыпаттамасы,

– ӨҮнүн маанилүү белгилеринин тизмеси.

Өтүнмөгө тиркелүүчү документтер:

– алым төлөнгөндүгүн тастыктоочу документ;

– патенттик ишенимдүү өкүлгө ишеним кат, эгерде өтүнмө ал аркылуу берилсе;

– конвенциялык артыкчылык суралган өтүнмөгө өтүнмө ээси тарабынан Өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж конвенциясынын катышуучу-мамлекетинде берилген биринчи өтүнмөнүн көчүрмөсү тиркелет;

– маңызы боюнча экспертөө жүргүзүү менен же жүргүзүүсүз өтүнмөнү карап чыгуу жөнүндө өтүнмө ээсинин өтүнүч каты (өтүнмө менен бир убакта же өтүнмө берилген датадан тартып 12 айдын ичинде берилиши мүмкүн).

Нускалардын саны: Арыз – 2 нускада, сыпаттама, чиймелер – 2 нускада,буюмдун жалпы көрүнүшүнүн сүрөттөлүшү – 6 нускада, башка сүрөттөлүштөр – 2 нускада, калган документтер – бир нускада.

Буюмдун сүрөттөлүштөрүнүн топтому.

Буюмдардын сүрөттөлүштөрү билдирилген ӨҮнүн негизги документи болуп эсептелишет жана буюмдун тышкы түрү жөнүндө майда-чүйдөсүнө чейин толук көрсөтүүгө тийиш. Сүрөттөлүштөр фотосүрөттөр, сүрөттөр же алардын көчүрмөлөрү, ошондой эле компьютердик графиканын жардамы менен алынган сүрөттөлүштөр болушу мүмкүн. Сүрөттөлүштөр кара-ак же түстүү, алдынан, сол жагынан, оң жагынан, артынан жана зарыл болгондо үстүнөн жана астынан алынган көрүнүштөрүндө, ошону менен катар: жалпак ӨҮ үчүн –пландагы көрүнүшү; текстиль буюмдары – кайталануучу раппорту менен; буюмдардын топтому – толугу менен жалпы көрүнүшүндө жана өз-өзүнчө болууга тийиш. Буюмдун варианттары сүрөттөлүштөрдүн өзүнчө топтому менен берилет. Ташылуучу буюмдар ачык жана жабык (чогултулган) түрүндөгү сүрөттөлүштөрдө көрсөтүлөт. Фотосүрөттөр даана, сапаттуу, номерленген жана жазылган болууга тийиш.

ӨҮнүн сыпаттамасы сүрөттөлүштө чагылдырылган буюмдун сырткы көрүнүшүн оозеки түрдө түшүндүрүүгө тийиш. Сыпаттаманын максаты –эки ача түшүнүк мүмкүндүгүн калтырбастан көркөм идеяны түшүндүрүүсү керек. Сыпаттама төмөндөгү бөлүмдөрдү камтыйт: аталышы, арналышы жана ӨҮнү колдонуу тармагы, анын окшоштору, иллюстрациялардын тизмеси, ӨҮнүн маңызы.

Маанилүү белгилеринин тизмеси ӨҮнүн кыскача жана так баяндалган маанилүү белгилерин камтыйт. ӨҮнүн маанилүү белгилеринин тизмеси чектөөчү бөлүктөн турат, бул жерде прототиптин белгилери жана айырмалоочу менен дал келүүчү маанилүү белгилер саналат. Чектөөчү белгилер “мүнөздөлүүчү”, ал эми айырмалоочу белгилер – “мунусу менен айырмаланат” деген сөздөр менен башталат. Белгилер тизмеде адис аларды бир мааниде түшүнө тургандай берилет; жалпы кабыл алынган терминологияны колдонуу зарыл. Белгинин мүнөздөмөсүн буюмдун фотосүрөтүнө шилтеме менен алмаштырууга болбойт.

Маанилүү белгилеринин тизмеси анын статикалык абалында буюмду мүнөздөөчү белгилерди камтууга тийиш. Анын ташылууга боло тургандыгына, тигил же башка элементтердин абалынын өзгөрүшү мүмкүндүгүнө көрсөтүүгө болот.

Үлгүнүн маанилүү белгилерин саноо аны көчүрмөлөөдөн гана эмес, качан сүрөттөлүштүн аз маанилүү деталдары алмашылганда, мүмкүн болуучу атаандаштардын аны окшоштуруп жасоосунан дагы коргойт, ал эми жарыяланган тизмеде чагылдырылган ӨҮнүн маңызы өзгөрүүсүз калат.

Онөр жай үлгүсүн патенттөөнүн наркы кандай?

Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамына ылайык өнөр жай үлгүлөрүн патенттөө процессинде юридикалык мааниси бар аракеттерди ишке ашыргандыгы үчүн патенттик алымдар төлөнөт.Алым төлөөнүн тартиби, өлчөмү жана мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 12-июнундагы №346-токтому менен бекитилип, 2016-жылдын 3-октябрындагы № 523-токтому менен өзгөртүүлөр киргизилген “Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн, селекциялык жетишкендиктерди патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товарлардын чыккан жерлеринин аталыштарын пайдалануу укугун берүү жана патенттик ишенимдүү өкүлдөрүн каттоо үчүн алымдар жөнүндө жобо” менен аныкталат (Алымдар жөнүндө жобонун толук текстин Кыргызпатенттин веб-сайтынан табууга болот).

– Өтүнмө берүү                                                       30 эсептик көрсөткүчтөр

– Алдын ала эксперттөө                                       30 эсептик көрсөткүчтөр

– Маңызы боюнча эксперттөө жүргүзүү         80 эсептик көрсөткүчтөр

– Каттоо, жарыялоо жана патент берүү         50 эсептик көрсөткүчтөр

Онөр жай үлгүсүнө өтүнмөнү эксперттөөнүн тартиби кандай?

ӨҮгө өтүнмө боюнча Кыргызпатент формалдуу жана алдын ала эксперттөөнү жана маңызы боюнча эксперттөөнү жүргүзөт.Өтүнмө берилгенден баштап эки айдын ичинде жүргүзүлө турган формалдуу эксперттөө процессинде өтүнмөнүн документтеринин курамы, алардын таризделишинин тууралыгы, билдирилген чечимдин ӨҮгө дал келиши текшерилет, өтүнмөнүн артыкчылыгы белгиленет. Эгерде өтүнмө формалдуу эксперттөөнүн талаптарына ылайык келсе, өтүнмө ээсине өтүнмө карап чыгууга кабыл алынгандыгы жөнүндө кабарлоо жөнөтүлөт.

Формалдуу эксперттөөдөн оң чечим чыккан учурда өтүнмөнүн патентке жөндөмдүүлүк талаптарына ылайыктуулугуна карап чыгуу жүргүзүлөт. Өтүнмө ээсинин өтүнүч каты боюнча өтүнмөнү карап чыгуу маңызы боюнча эксперттөө жүргүзүү менен же жүргүзүүсүз ишке ашырылышы мүмкүн. Маңызы боюнча эксперттөө (алдын ала эксперттөө) жүргүзбөстөн өтүнмөнү карап чыгуу 4 айдын ичинде жүргүзүлөт; анын оң натыйжасында өтүнмө ээсинин жоопкерчилиги астында берилүүчү патент берүү жөнүндө чечим чыгарылат.

Маңызы боюнча өтүнмөнү экспертөө өтүнмө ээси же үчүнчү жактар тарабынан өтүнүч кат берилген күндөн тартып 12 айдын ичинде жүргүзүлөт. Анын оң натыйжасында Кыргызпатент Кыргыз Республикасынын патентин берүү жөнүндө чечим чыгарат.

Өтүнмөнүн тили – кыргызча же орусча. Маанилүү белгилеринин тизмеси жана ӨҮнүн аталышы эки тилде берилүүгө тийиш

Дизайн объектисин укуктук коргоонун түрүн кантип тандоо керек?

Өнөр жай үлгүлөрүнүн сүрөттөлүш маңызы жана көркөм мүнөзү аларды интеллектуалдык менчиктин башка объектилери менен жакындаштырат. Ушуга байланыштуу кээде, качан объект ошондой эле автордук укуктун, пайдалуу моделдин, товардык белгинин объектиси катарында корголуусу мүмкүн болгондо, “чектеш” деп аталуучу жагдайлар пайда болот. Буюмду иштеп чыгууга кеткен күч-аракеттер жана каражаттар бир кыйла, ошондуктан дизайнердик чечимдин автору укуктук коргоонун түрүн негиздүү тандап алуусу зарыл. Интеллектуалдык менчиктин ар кандай түрлөрүн коргоого карата мамилелерде принципиалдуу айырмачылыктар бар – өтүнмөнүн документтеринин курамына талаптар, патентке жөндөмдүүлүк талаптары, коргоонун мөөнөттөрү ж. б.Өнөр жай үлгүлөрүнүн автордук укук объектилеринен айырмачылыгы: өнөр жай үлгүсү техникалык колдонуудагы буюмдардын эстетикалык өзгөчөлүктөрүн же башка иштөө объектилеринин тышкы көрүнүштөрүн аныктайт. ӨҮнү патенттик коргоо автордук укук тарабынан берилген коргоого караганда бир кыйла кеңири, анткени көчүрмөлөөдөн гана эмес, жетишээрлик окшоштукта дал келүүдөн дагы коргойт.

Ойлоп табуу объектилеринен айырмасы: буюмдун тышкы көрүнүшүнө мамилеси, буюмдун компоненттери техникалык же функционалдык зарылчылыктар менен шартталбайт.

Товардык белгилерден айырмасы: ӨҮ көркөм болууга тийиш, бирок айырмалуу болуу милдеттүү түрдө эмес. Товардык белги – бул элге сунушталган товар үчүн жоопкерчиликти ким тарта тургандыгына көрсөтүүчү символ жана бир ишкананын товарларын жана кызмат көрсөтүүлөрүн экинчисиникинен айырмалоо үчүн кызмат кылат. Өнөр жай үлгүсү өзүнүн жаңылыгы жана оригиналдуулугу менен сатып алуучунун көңүлүн бурууга арналган.