Escort Lyon

Мамлекеттин экономикасы үчүн инновациялык өнүгүү көйгөйлөрүнүн маанилүүлүгүн эске алып, Кыргызпатент Кыргыз Республикасында инновациялык ишмердикти өнүктүрүүгө шарт түзүүнү өзүнүн бирден-бир милдетинин бири деп эсептейт. Глобалдашуунун дүйнөлүк процесстери көрсөтүп тургандай, эл аралык сыяктуу, мамлекеттер аралык деңгээлде дагы тыгыз жана өз ара пайдалуу кызматташуусуз бул милдеттерди чечүү мүмкүн эмес.

Ойлоп табуучуларды демилгелөө жана өнөр жай менчик объектилеринин рыногуна көмөктөшүү, инновациялык чөйрөгө инвестицияларды тартуу, кыргызстандык иштеп чыгууларды ата мекендик жана дүйнөлүк рынокто алга жылдыруу максатында 2012-жылдын 24-июлунда Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Россия Федерациясына болгон жумушчу иш-сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы менен “Сколково” жаңы технологияларды иштеп чыгуу жана коммерциялаштыруу Борборун өнүктүрүү Фондунун Коммерциялык эмес уюмунун ортосунда кызматташуу жөнүндө Макулдашууга кол коюлган (“Сколково” фонду).